Акылбек Жапаров: Европа Биримдиги – биздин аймактын негизги соода өнөктөшү болуп саналат

Акылбек Жапаров: Европа Биримдиги – биздин аймактын негизги соода өнөктөшү болуп саналат

Бүгүнкү күндө Европа Биримдиги биздин аймактын негизги соода өнөктөшү болуп саналат, анын жалпы тышкы соодасынын үчтөн бирине жакыны туура келет. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда «Европа Биримдиги — Борбор Азия» экономикалык форумунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал белгилегендей, Борбордук Азия өлкөлөрүндө олуттуу жаратылыш ресурстары, энергетикалык ресурстардын жана пайдалуу кендердин чоң запастары, эң негизгиси жогорку квалификациялуу жумушчу күч бар.

2020-жылы өлкөлөрдүн жалпы ИДПсы болжол менен 290 млрд долларды, тышкы соода жүгүртүүсү 140 млрд доллардан ашты. Аймактын өлкөлөрү өнөр жай, айыл чарба, ирригация жана башка тармактарда ири инфраструктуралык долбоорлорду, транспорттук-логикалык системаларды ийгиликтүү ишке ашырууда. Маанилүү транспорттук артерияларды модернизациялоо  – аймактын деңизге чыга албаган өлкөлөрүнүн гүлдөшүнүн негизги компоненти – уланууда.

«Пандемиядан улам эл аралык ишкердик жигердүүлүк кескин төмөндөп кеткен. 2020-жылды кошпогондо, БА өлкөлөрүнүн экономикалары акыркы жылдары 5-7% диапазонундагы жогорку өсүү темпин көрсөткөн. Ошого карабастан, Дүйнөлүк банктын болжолдоолоруна ылайык, Борбордук Азия өлкөлөрү 2021-жылы ИДПнын өсүшүнүн оң динамикасын калыбына келтирип, 2022-жылы өсүү темптерин жогорулата алат», – деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен Евробиримдиктин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштардын акыркы он жылда байкалган туруктуу өсүүсүнө токтолду. Мунун бардыгы, анын пикири боюнча, кызматташтыктын келечегине жана аны тереңдетүү перспективаларына оптимизм менен кароого мумкундук берет.

Эскерте кетсек, бүгүн Бишкек шаарында «Европа Биримдиги — Борбор Азия» экономикалык форуму өтүүдө.

Форумга КРнын президенти Садыр Жапаров, Казакстан, Өзбекстандын өкмөт башчылары, Тажикстан менен Түркмөнстандын вице-премьер министрлери, Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис жана эл аралык уюмдар менен бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышууда. Андан сырткары, Венгрия жана Австриянын тышкы иштер министрлери келген. Эл аралык иш-чаранын алкагында ишкерлердин бизнес-форуму да өтүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бүгүн, Бишкек шаарында борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш болуп өттү. Ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев баштаган кесипкөй жана ышкыбоз велосипедчилер, ошондой эле үй-бүлөлөрү менен келген 2000ден ашуун шаар тургундары катышты. Шаардык мэриянын басма сөз кызмытынын маалыматына ылайык, веложүрүш Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында башталып, катышуучулар «Газпром — балдарга»

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүү жана КРнын жарандарына турак жайды жеңилдетилген шарттарда сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатын көздөп, "КРнын "Менин үйүм" мамлекеттик

Кыргыз спортчулары VI Азиянын пляждык оюндарына катышты

Кыргыз спортчулары VI Азиянын пляждык оюндарына катышты

Кече Кытайдын Санья шаарында өтүп жаткан VI Азия пляждык оюндары жыйынтыкталды. Ага КРнын спортчулары дагы катышкандыгын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, пляждык оюндарга бул жылы 45 өлкөнүн спортсмендери катышып, 14 оюндун түрү боюнча мелдештер өткөн. Кыргызстандын атынан жалпы 40 спортсмен спорттун 9 түрүнөн ат салышкан. Анын

Кыргызстандагы банктар май майрамдарында кандай иштешет: күн тартиби

Кыргызстандагы банктар май майрамдарында кандай иштешет: күн тартиби

2026-жылдын жумуш календарына ылайык, кыргызстандыктар май айында он күн бою эс алышат. 1-майдан 10-майга чейин созулуучу жазгы каникулдар күтүлүүдө. Узак дем алыш күндөрү каржылык маселелерди чечүүгө тоскоолдук кылбашы үчүн, майрам күндөрү коммерциялык банктардын иштөө убактысы боюнча кеңири маалыматты Экономист.kg даярдап чыккан. Эске алуучу нерсе: Банктар күн тартибин реалдуу убакыт