АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 1-декабрдан тарта виза берүүнү жандантат

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 1-декабрдан тарта визанын бардык түрүнө байланыштуу маектешүүнү кайрадан жанданта баштайт. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди.

АКШ элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер маалымдагандай, Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы мамилелер эки өлкө ортосундагы жеке байланыштарга негизделген. Ал элчилик туризм жана бизнес үчүн, анын ичинде катардагы виза кызматтарын сунуштай алганына кубанычта экенин белгилеген.

«Бул кызматтардын кайра жанданышы эки өлкөнүн ынак достугун сактоого жардам берет жана декабрь айында өнөктөштүктүн 30 жылдыгын белгилей турган учурга туура келет», – деди ал.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды