Кыргызстанда стартаптарды колдоо боюнча 100 млн долларлык фонд түзүлдү

Бишкекте өтүп жаткан «StrategEast: Өкмөт жана IT» форумунун алкагында Кыргызстанга инвестициянын 50% үлүшү менен Борбор Азиядагы стартаптарды колдоо үчүн 100 млн долларлык фонд түзүлдү.

Белгилей кетсек, форумдун алкагында капитализациясы 40 млрд доллардан ашкан жана кеңселери дүйнөнүн беш континентинде 40тан ашык мамлекетте иштеп жаткан EPAM деген америкалык ири IT компаниянын кеңсеси ачылды.

Бул иш-чара жылына бир жолу Евразиянын борборлорунун биринде өтүп, өкмөттөр менен IT тармагынын лидерлеринин диалогу үчүн аянтча катары кызмат кылат. Буга чейин мындай иш чаралар Киевде (Украина) жана Тбилисиде (Грузия) өткөн. Быйыл болсо Кыргызстанда өтүп жатат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды