Партиялардын шайлоо фондуна 120 млн сом түштү – 102 млн сом үгүт иштерине жумшалган

Партиялардын шайлоо фондуна 120 млн сом түштү – 102 млн сом үгүт иштерине жумшалган

Саясий партиялардын шайлоо фондуна 120 млн сомдон ашык каражат түшкөн. Бул тууралуу ноябрдын башында БШКнын басма сөз кызматы билдирген.

Ошол эле учурда шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга шайлоо фонддорунан 102 млн сомдон ашык каражат жумшалган. Эске сала кетсек, шайлоого 21 партия катышууда.

Комиссия белгилегендей, мыйзам ченемдерине ылайык, саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкүлөрдөн түзүлөт:

  • 1.5 млн сомдон ашпаган талапкердин өздүк каражаты
  • 100 млн сомдон ашпаган саясий партиянын өздүк каражаттары
  • ар бири 200 миң сомдон ашпаган жеке адамдардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары
  • юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары, алардын ар бири 3 млн сомдон ашпаш керек

Ошол эле учурда талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондунан түшкөн жана сарпталган каражаттардын максималдуу өлчөмү 300 млн сомдон ашпоого тийиш.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи