Региондорду өнүктүрүү фондуна 6 жылда 2 млрд 830 млн сом түшкөн

Региондорду өнүктүрүү фондуна 6 жылда 2 млрд 830 млн сом түшкөн

Региондорду өнүктүрүү фондуна 6 жылда 2 млрд 830 млн сом түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Экономика министринин орун басары Бекболот Алиев билдирди.

Жыйында депутат Экмат Байбакпаев Өнүктүрүү фондуна канча каражат келип түшкөнүн, ал каражаттан кайсы аймактарда көзгө көрүнүктүү завод-фабрикалар курулганын, акча каякка жумшалгандыгын сурады.

Министрдин орун басарынын айтымында, Өнүктүрүү фондунун казынасы 2015-жылы иштеп баштагандан бери 2 млрд 830 млн сомду түзгөн.  

«Түшкөн каражаттардын баары эле инфраструктура жана социалдык маселелерге бөлүнүп келген. Учурда болсо анын 50%ын киреше алып келе турган, кайтарым боло турган долбоорлорго  бөлүнсүн деген чечим чыкты», – деди Алиев.

Ильяс Иманбетов болсо, 2015-жылдан бери 4 жаңы мектеп, 20 жаңы бала-бакча курулганын, 52 мектеп, 29 бала бакчада  ремонт жүргөнүн жана фап салынганын кошумчалады.

Депутат: «Качан өндүрө турган ишкана курасыңар, качан болсо эле мектеп, жол, бала бакча. Башка жумуш менен эч ким алектенгиси келбейт, качан жумуш орундары менен камсыздай баштайбыз», – деген суроосун салды.

Депутат Рыскелди Момбеков ага берилген маалымат боюнча 1 млрд 961 млн экенин айтты. «1 млрд 961 млн сому өздөштүрүлгөн, 870 млн сому калган, анын ичинен да өздөштүрүлүп 310 млн калды, бул областтар менен макулдашылып берилип жатат», – деди Алиев.

Момбековдун 2020-жылкы карыздын көлөмү канча эле деген суроосуна 870 млн болгонун билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи