Арал – Казарман унаа жолу жана эки эстакадалык көпүрө ачылды

Арал – Казарман унаа жолу жана эки эстакадалык көпүрө ачылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында эки эстакадалык көпүрөнүн жана Арал – Казарман унаа жолунун ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Акылбек Жапаровдун жана Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэндин катышуусунда «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун экинчи фазасын ишке ашыруунун алкагында эки эстакадалык көпүрөнү жана 100 км жолду пайдаланууга берүү аземи болуп өттү.

Аталган объектилер Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун бөлүгү болуп саналат, ал эми курулуштун подрядчысы – «Чайна Роад энд Бридж Корп.» компаниясы. Эстакада көпүрөлөрүнүн узундугу 1076 жана 396 метрди түзөт. Көпүрөлөр жаңы жана заманбап технологияларды колдонуу менен курулган жана Арал-Казарман автожолунда жайгашкан.

Аталган иш-чарага катышкан өкмөт башчы «Кыргызжолтранс» долбоорлоо институтуна, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө жана Элчилигине, «Чайна Роуд энд Бриджс» компаниясына жана «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун курулушуна катышкан бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи