«Кыргыз темир жолу» ишканасы эски тилкелерди жаңылоо үчүн өз каражатына 20 чакырым рельс сатып алды

Кыргызстандын түндүгүндөгү темир жолдун эски тилкелерин жаңылоо үчүн «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы өз эсебинен 20 чакырым жаңы темир жол сатып алды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Р-65 рельстеринин биринчи партиясы кечээ, 10-ноябрда келген. «Рельстер 2021-жылы чыккан жаңы жана биздин талаптарга жооп берет. Ушул жумада айрым көйгөйлүү жерлерге рельс төшөй баштайбыз», – деди ишкананын башкы директору Азамат Сакиев.

Сатылып алынган рельстердин басымдуу бөлүгү (14 км) «Балыкчы» станциясынын жанындагы 148-айрымга төшөлөт. Дагы 5 чакырым «Кара-Балта» станциясына жакын жерде төшөлүп, 1 чакырым темир жол Казакстандын чек арасына (Мерке – Чалдовар линиясы) кеткен багытка коюлат.

 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды