Кыргызстанда 500дөн ашык дары-дармектин баасы 10%-68%га арзандады

Өтө маанилүү делген дары-дармектердин импорттук, дүң жана чекене баасына активдүү мониторинг жүргүзүлөт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин калк үчүн экономикалык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана дары-дармектердин баасын жөнгө салуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия фармацевтикалык компаниялар менен биргеликте бир катар иш-чараларды өткөргөн.

Биринчи этапта көрүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалда калк арасында чоң суроо-талапка ээ болгон, жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмеси аныкталып, ага ар кандай өндүрүүчүлөрдүн 500дөн ашык дары-дармектери киргизилген. Жыйынтыгында, ири дарыкана түйүндөрүндө бул дары-дармектердин баасы (дүң жана чекене) мурдагы наркынан 10%-68%га арзандады.

Баалардын реалдуу абалына мониторинг жасоо үчүн дарыкана түйүндөрүндө бааны системалуу түрдө төмөндөтүү жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы дары-дармек жана медициналык буюмдар Департаментинин сайтында жайгаштырылат жана коомчулукка жарыяланат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды