«Кыргызстандын маалымат соода порталы» бизнестеги кыйынчылыктарды жеңилдетет – Евробиримдиктин КРгы өкүлү

«Кыргызстандын маалымат соода порталы» бизнестеги кыйынчылыктарды жеңилдетет – Евробиримдиктин КРгы өкүлү

Кыргызстандык ишкерлер үчүн ачылган «Маалымат соода порталы» сооданын ачыктыгын жогорулатууга жана бизнестеги тоскоолдуктарды азайтууга жардам берет. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Бишкекте өткөн порталдын ачылыш аземинде Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эдуард Ауэр билдирди.

Евробиримдиктин элчиси белгилегендей, акыркы эки жылда дүйнө пандемиядан улам бир топ өзгөрдү жана азыр бул жоготууларды бардык чаралар менен калыбына келтирүү, ошондой эле экономиканы инклюзивдик өнүктүрүүгө көмөктөшүү зарыл.

Элчинин пикиринде, чек ара соодасы экономиканы калыбына келтирүүнүн маанилүү элементи болуп саналат. Ал кыргыз бизнесин өнүктүрүүдө жана анын дүйнөлүк жеткирүү түйүндөрүнө катышуусунда негизги ролду ойнойт.

Ауэр «Маалымат соода порталын» ишке киргизүү Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде аймактык жана эл аралык сооданы кеңейтүүгө, ошондой эле ачык-айкындуулукка көмөктөшүүгө жана соодадагы тоскоолдуктарды азайтууга жардам берээрин, ошондой эле долбоор электрондук чек ара соодасын өнүктүрүү үчүн да маанилүү экендигин белгилеп өттү.

«Маалымат соода порталы»

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкекте өлкөнүн экспортчулары менен импортерлору үчүн сооданы жеңилдете турган «Маалымат соода порталы» салтанаттуу түрдө ачылып, ишке кирди.

Портал ишкерлер үчүн импорттун жана экспорттун жол-жоболорун этап-этабы менен сүрөттөп берген өзгөчө онлайн платформа болуп саналат. Ал бизнес-коомчулукту колдоо жана соода чыгымдарын жана чек арадагы создуктурууну азайтуу үчүн түрдүү инструменттерди колдонуу аркылуу Кыргызстандын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн.

Учурда «Маалымат соода порталы» Кыргызстандын экономикасынын стратегиялык жана жумушчу орундарын түзүүчү секторлорунан 38 товарды жана чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү тартылган бардык тармактардын 50%дан ашыгын камтыйт.


«Ready4Trade Борбордук Азия» долбоору

«Ready4Trade Борбордук Азия» долбоору – Европа Биримдиги менен Эл аралык соода борборунун биргелешкен демилгесинин натыйжасында ишке ашып келет. Долбоор региондогу ички жана эл аралык сооданы кеңейтүү аркылуу Борбордук Азиянын жалпы туруктуулугуна жана инклюзивдүү экономикалык өнүгүүсүнө салым кошууга багытталган. «Ready4Trade Борбордук Азия» долбоорунун бенефициарларына өкмөттөр, чакан жана орто ишканалар, атап айтканда, аялдар жетектеген ишканалар жана бизнести колдоо уюмдары кирет. Долбоор 5 өлкөдө: Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда ишке ашырылууда.

Соода порталы Кыргызстандагы Ready4Trade долбоорунун алкагында Экономика министрлигине караштуу «Тышкы сооданын бирдиктүү терезе борбору» мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн. Кыргызстан Евробиримдиктин жалпы суммасы 15 млн еврого каржылоосу менен Эл аралык соода борбору тарабынан ишке ашырылып жаткан Ready4Trade Борбордук Азия долбоорунун беш бенефициар-өлкөлөрүнүн бири болуп саналат.


Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи