Жыл аягына чейин бензин 8 сомго, дизель отуну 12 сомго чейин кымбаттайт – Нефтетрейдерлер ассоциациясы

Жыл аягына чейин бензин 8 сомго, дизель отуну 12 сомго чейин кымбаттайт – Нефтетрейдерлер ассоциациясы

Божомолдор боюнча жыл аягына чейин бензин 7-8 сомго, дизель майы 10-12 сомго чейин кымбаттайт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер Ассоциациясынын президенти Канат Эшатов Economist.kg басылмасына билдирди.

«Учурдагы көйгөйлүү маселе башка өлкөлөрдөгүдөй эле баалардын кымбатташы болуп жатат. Жаңы жылга чейин бензин 7-8 сомго, дизель отуну 10-12 сомго чейин көтөрүлүшү күтүлүүдө. Ал эми жетиштүү көлөмдө алып келүү боюнча өкмөттөр аралык келишимдер бар. Биз өкмөткө КНС менен акциз салыктарын алып салууну сунуштаганбыз. Эгерде алар биздин сунушту кабыл алса, бааларды бираз төмөндөткөнгө мүмкүнчүлүк болот», – деди Эшатов.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын башынан бери бензиндин чекене баасы 70%га, дизель майы болсо 50%га чейин көтөрүлдү.

 Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, бул күйүүчү майдын кымбатташынын негизги себеби Россиянын мунай иштетүүчү заводдорунда сатуу баасынын өсүп жатканы менен байланыштуу. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматы боюнча, россиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдордун сатуу баасы жыл башынан бери бензин тобуна 130%га, дизелдик отунга 70%га өскөн.

Мамагенттик учурда күйүүчү-майлоочу майлардын баасы рыноктук механизмдин негизинде түзүлүп жатканын жана анын баасына мамлекеттик орган тарабынан түз жөнгө салуу каралбаганын белгилейт.

Канат Эшатовдун айтымында, сентябрдын башында кыргызстандык компаниялар Орусиядагы заводдордон бензиндин тоннасын 700 доллардан алып турушса, азыр 800-820 доллардан сатып алууда. Дизелдик отундун чыккан баасы мурдагы айда 600 доллардан болсо, октябрда 700-720 долларга чыкты. Бул Кыргызстанда келерки айдагы бааларга таасир этет.

Учурда бензин рыногунда жалпы үстөмдүк кылган субъекттердин реестринде «Газпром Нефть Азия» ЖЧКсы, «Альфа-Ойл» ЖЧКсы жана «РН-Кыргызнефтепродукт» ЖАКсы бар.

Акыркы айларда КРда орточо эсеп менен КММ рыногунда баалар төмөнкүдөй өзгөргөн:

Аталышы6-октябрь 10-ноябрь ноябрь менен октябрда
Бензин А-8055.7 сом57.7 сом+2 (же 3.6%)
Бензин А-9257.3 сом58.7 сом+1.4 (же 2.4%)
Дизель отуну51.6 сом54.2 сом+2.6 (же 5%)

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи