Эң пайдалуу эт Кыргызстанда – россиялык эксперт

Эң пайдалуу эт Кыргызстанда –  россиялык эксперт

Россиядагы уй этин өндүрүүчүлөрдүн улуттук биримдигинин башкы директору Роман Костюк Кыргызстандын мал чарбачылыгында өндүрүлгөн продукциянын сапаты мыкты экендигин жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогору экенин билдирди. Бул тууралуу ал «Россиялык компаниялардын КРга эл аралык ар тармактуу бизнес миссиясы» иш-чарасында айтты.

«Кыргызстан эң пайдалуу тамак-аш, эң даамдуу жана эң назик эт менен атаандаштыкка чыгууга жөндөмдүү. Тоолуу жакшы жайыттарда чөп жеген малдын эти пайдалуулугу боюнча форель менен атаандаша алат. Баары стейк базары үчүн күрөшүп жаткан кезде Кыргызстан Омега-6га караганда Омега-3 көп болгон тоо чөптөрү менен багылган этти сунуштай алат», – деди ал.

Эксперт Кыргызстанда 1.6 млн баш мал бар, 9.5 млн гектар жайыт бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын рыногун камсыздоо үчүн 4 млн баш бодо мал жетишсиз.

«Букаларды сатып алуунун кереги жок, бул тез арада каржысыз калуунун кыска жолу болуп саналат. Силер азыр 1.6 млн эмес, 3.5 млн бодо малдуу боло аласыңар. Инвестиция болсо Кыргызстан 20 жылда үч эсе көп өстүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар», – деп кошумчалады ал.

Эксперт Россия учурда 200 миң тонна уй этин импорттоо мүмкүнчүлүгүн карап жатканын белгиледи.

«90-жылдары Уругвайда мал жок болчу, бүгүнкү күндө ал мал жана эт өндүрүү боюнча эң алдыңкы өлкө. Уругвайдан алып келбешибиз үчүн, бизге эт бергиле», – деди Роман Костюк.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи