«Кыргыз темир жолу» өз каражатынан Россиядан 100даана жарты вагондорун сатып алууда

«Кыргыз темир жолу» өз каражатынан Россиядан 100даана жарты вагондорун сатып алууда

КРнын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин жүктөрүн темир жол ташууларына болгон керектөөлөрүн канааттандыруу максатында «Кыргыз темир жолу» өз каражаттарынын эсебинен «Алтай Вагон» ААКнан 100даана жарты вагондорун сатып алууда. Бул тууралуу кечээ, 11-ноябрда ишкананын маалымат кызматы кабарлады.

2021-жылдын аягына чейин 50 даана жарты вагондорун, калган 50 даана вагондорун  2022-жылдын биринчи кварталында келүүсү күтүлүүдө.

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын кыймылдуу курамын жаңылоо, локомотивдерди, вагондорду, адистештирилген жабдууларды камсыздоо максатында 2021-жылдын 10-ноябрында «Кыргыз темир жолу» УК» Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) жана өнөр жайды өнүктүрүү боюнча Улуттук лизинг корпорациясынын («Нацпромлизинг» ЖЧКсы) ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшкан.

Мындан тышкары, «Кыргыз темир жолу» өздүк каражаттарынын эсебинен 20 км темир жолду оңдоо үчүн 2647 тонна темир рельстерин сатып алган. Жакынкы арада рельстерди алмаштыруу иштери 148-разъезд менен Кыямат – Курколдун ортосундагы тилкеден башталат.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи