Кыргызстан мамлекеттик карызды тейлөөгө 26 млрд сом сарптады

Он айда Кыргызстан мамлекеттик карызды тейлөөгө 26.1 млрд сомдон ашык каражат жумшады. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тышкы карызды тейлөөгө 13.35 млрд сом, ички карызга – 12.75 млрд сом бөлүнгөн. Карыздын негизги суммасы боюнча 19 млрд сом, пайыздар боюнча 7 млрд сом төлөндү.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 30-сентябрына карата КРнын мамлекеттик карызынын көлөмү (тышкы + ички) 4 млрд 866 млн долларды (412.6 млрд сом) түздү.

Мамлекеттик карыздар:
  • тышкы карыз — 4 млрд 152 млн доллар (85.3%)
  • ички карыз — 714 млн доллар (14.7%)
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды