Садыр Жапаров түркиялык ишкерлерди Баткен облусуна инвестиция салууга чакырды

Садыр Жапаров түркиялык ишкерлерди Баткен облусуна инвестиция салууга чакырды

Садыр Жапаров кечээ, 11-ноябрда, Стамбул шаарында Түркиянын ишкерлер чөйрөсү менен жолугушууда аларга Баткен облусуна инвестиция салууну сунуштады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы түркиялык ишкерлерге облуска өзгөчө статус берилгендигин билдирип, бул аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү аркылуу жашоонун сапатын жогорулатууну камсыз кыларын белгиледи. Бул бизнести өнүктүрүүгө, жумуш менен камсыз кылууга жана аймактын өнүгүсүүнө мүмкүндүк берет.

Президент облустун аймагында өлкөнүн мыйзамдарында аныкталган өзгөчө жеңилдетилген (преференциалдык) салык жана инвестициялык режим иштээрин кошумчалады.

Ал түшүндүрүп бергендей, бул аймакка инвестиция салган ишкерлер салыктын төрт түрүнөн бошотулат. Алар: мүлк салыгы, жер салыгы, пайда салыгы жана сатуу салыгы. Муну менен бирге өндүрүштүк максаттагы, пайдалуу жана муктаж болгон буюмдарды ташып келүүдө бажы алымы 0%га түшүрүлүп, киреше салыгы 10%дан 5%га түшүрүлөт.

Мамлекет башчысы Кыргызстан өндүрүштүк кызматташтыкты кеңейтүүгө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган, эки тараптуу кызыгууну арттырган агрардык тармактагы, тоо-кен жана башка тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.

Түркиянын ишкерлери Кыргызстан менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана кызматташууга кызыгууларын билдиришти.

Садыр Жапаров менен жолугушууга Түркиянын кен казуу, курулуш, энергетика, маалыматтык технологиялар, жеңил өнөр жай, ошондой эле саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарындагы ири компанияларынын өкүлдөрү катышышты.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бүгүн, Бишкек шаарында борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш болуп өттү. Ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев баштаган кесипкөй жана ышкыбоз велосипедчилер, ошондой эле үй-бүлөлөрү менен келген 2000ден ашуун шаар тургундары катышты. Шаардык мэриянын басма сөз кызмытынын маалыматына ылайык, веложүрүш Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында башталып, катышуучулар «Газпром — балдарга»

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүү жана КРнын жарандарына турак жайды жеңилдетилген шарттарда сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатын көздөп, "КРнын "Менин үйүм" мамлекеттик

Кыргыз спортчулары VI Азиянын пляждык оюндарына катышты

Кыргыз спортчулары VI Азиянын пляждык оюндарына катышты

Кече Кытайдын Санья шаарында өтүп жаткан VI Азия пляждык оюндары жыйынтыкталды. Ага КРнын спортчулары дагы катышкандыгын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, пляждык оюндарга бул жылы 45 өлкөнүн спортсмендери катышып, 14 оюндун түрү боюнча мелдештер өткөн. Кыргызстандын атынан жалпы 40 спортсмен спорттун 9 түрүнөн ат салышкан. Анын

Кыргызстандагы банктар май майрамдарында кандай иштешет: күн тартиби

Кыргызстандагы банктар май майрамдарында кандай иштешет: күн тартиби

2026-жылдын жумуш календарына ылайык, кыргызстандыктар май айында он күн бою эс алышат. 1-майдан 10-майга чейин созулуучу жазгы каникулдар күтүлүүдө. Узак дем алыш күндөрү каржылык маселелерди чечүүгө тоскоолдук кылбашы үчүн, майрам күндөрү коммерциялык банктардын иштөө убактысы боюнча кеңири маалыматты Экономист.kg даярдап чыккан. Эске алуучу нерсе: Банктар күн тартибин реалдуу убакыт