Жоголгон мал-мүлкүбүздүн компенсация маселесин чечип бериңиз – Максат айылынын эли президентке кайрылуу жасашты

Жоголгон мал-мүлкүбүздүн компенсация маселесин чечип бериңиз – Максат айылынын эли президентке кайрылуу жасашты

Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылынын тургундары президентке кайрылуу жасашты. Ал кайрылууда Максат эли 28-30-апрелдеги окуяда жоголгон мал-мүлкү боюнча компенсация маселесин жана Тажикстанга алып кирип кетишкен кыргыз жигитин чыгарып берүүнү талап кылышты. Андан тышкары, чек арада жашаган элдердин эч кандай киреше булагы жоктугунан, тургундар кыйналып жатышканын айтып, президентти көзмөлгө алуусун суранышты.

«Биз Максат айылынын тургундары 2021-жылдын 28-30-апрелдеги күтүүсүз окуядан кийин бир топ кыйынчылыктар болгонуна карабастан, патриоттуулугубузду көрсөтүп, жерибизге 100% көчүп келип, жашообузду улантып жатабыз», – деди аталган айылдын тургуну.

Тургундар президентке, жардам көрсөткөн жалпы кыргызстандыктарга терең ыраазычылыгын билдирип, андан тышкары, чек ара аймактарында курч турган маселелерди көтөрүштү.

«Чек арада жашаган элдер адал эмгек, өз маңдай тери менен тапкан техникалары барбы, малы барбы, ал эле эмес жигиттерибизди да кошуп Тажикстанга сүдүрөп алып кирип кетип жатышат. Биринчиден, жоголгон мал-мүлкүбүздүн компенсация маселесин чечип бериңиз. Экинчиден, Максат айылында 9 үй-бүлө камсыздандыруу уюмуна акча төлөп үйлөрүн камсыздандырып турган, ошол компания толук төлөп берүүсүн суранабыз», – деди Максат айылынын тургуну.

Андан сырткары, ал Тажикстанга алып крип кеткен кыргыз жигити тууралуу да айтты.

«Чек арага жакын жашаган жигитибизди Тажикстанга алып кирип кетишти. Ошону тез арада бошотуп берүүсүн талап кылабыз. Садыр Нургожоевич, сизден кыска мөөнөттүн ичинде жогоруда айтылган көйгөйлөрүбүздү чечип берүүңүздү суранабыз», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи