300дөн ашык адамга турак жай алууга 840 млн сом жеңилдетилген кредит берилди – МИК

300дөн ашык адамга турак жай алууга 840 млн сом жеңилдетилген кредит берилди – МИК

«Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында октябрь айынын алгачкы үч жумасында 318 адам турак жай алууга жеңилдетилген насыя алышкан. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына Мамлекеттик ипотекалык компаниянын басма сөз катчысы Жылдыз Бекбаева билдирди.

Анын айтымында, анын алгачкы 500 млн сому республикалык бюджеттен, калган 340 млн сому Мамлекеттик ипотекалык компаниянын каражатынан бөлүнгөн. Учурда бюджеттик тармакта иштегендер үчүн «Жеңилдетилген ипотека» багыты боюнча 4% менен 270 насыя берилди. Ошондой эле «Жеткиликтүү ипотека» багыты боюнча 8% менен 48 насыя бардык категориядагы жарандарга берилген.

«Учурда МИКтин жетекчилиги «Жеңилдетилген ипотека» багыты боюнча кезектеги траншты бөлүү аракетин көрүп жатат», – дейт Жылдыз Бекбаева.

Эскерте кетсек, программанын өнөктөш банктары (РСК, Айыл Банк жана Бакай Банк) кабыл алынган арыздар чегинен ашып кеткендигине байланыштуу, документтерди кабыл алууну убактылуу токтотушкан.

Окшош макалалар:

«Менин үйүм 2021-2026» турак-жай программасы ишке кирди – МИК

«Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасына ылайык, кимдер ипотекалык насыя ала алат?

4% жана 8% менен жеңилдетилген ипотека берүү 16-сентябрда башталат – МИК

Эми мамлекеттик ипотека алууга арызды онлайн берсеңиз болот – МИК

«МИК» ААКтын өнөктөш банктары 1-октябрдан баштап арыз алууну токтотот

МИК ААК мурда берилген ипотекалык кредиттердин пайыздык чендерин төмөндөтөт

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи