«Бишкексүт» ишканасынын акциялары өткөн аптада 172%га кымбаттады

«Бишкексүт» ишканасынын акциялары өткөн аптада 172%га, тагыраак айтканда, 950 сомго кымбаттап, 550 сомдон 1500 сомго чыкты. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) басма сөз кызматы билдирди.

КФБнын маалыматы боюнча, Кант цемент заводунун акциялары 275 сомго (+65 сом), «Дастан» ТНКнын акциялары 100 сомго (+55 сом) чейин көтөрүлдү.

«Манас» аэропортунун баалуу кагаздары 550-600 сомго чыгып, жуманын акырында бир акция 560 сомдон (+10 сом) сатылды.

Натыйжада, өткөн аптада биржадагы сооданын жалпы көлөмү 4.7 млн сомду түздү. Бүтүмдөр корпоративдик баалуу кагаздар менен гана эсепке алынган. Басымдуу көпчүлүгүн, тагыраак айтканда, 84%ын баштапкы рыноктун корпоративдик облигациялары менен операциялары ээлеген.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды