Бишкекте «Кыргызстан – Татарстан» бизнес форуму өтөт

Бишкекте «Кыргызстан – Татарстан» бизнес форуму өтөт

Бишкекте 19-ноябрда «Хаятт» мейманканасында «Кыргызстан — Татарстан» бизнес форуму өтөт. Ага КАМАЗ ПАО жана башка компаниялар катышат. Бул тууралуу Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин (KADI) басма сөз кызматы билдирди.

Бизнес-форум бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн ортосунда байланыштарды түзүү жана диалог куруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берген аянтча катары кызмат кылат, ошондой эле узак мөөнөттүү келечекте эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну демилгелемекчи.

Келе турган делегациянын курамында экономиканын ар тармактарында иштеп жаткан Татарстандын флагман ишканалары бар. Айрыкча КРнын ишкерлери менен бизнес жолугушууларды өткөрүүгө жана биргелешкен кызматташуу аспектилерин талкуулоого кызыкдар болгон «КАМАЗ», «Соллерс Форд» ЖЧК, «РусОйлТехнолоджи» ЖЧК, «Ядран» сыяктуу ири компаниялар тобу келе тургандыгын белгилей кетүү керек.

Делегациянын кеңири курамын эске алсак, ата мекендик ишкерлерге өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана Татарстандын бизнес өкүлдөрүнүн арасында ишенимдүү өнөктөштөрдүн чөйрөсүн кеңейтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлөт.

  • Катышуу жана толук маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңыздар болот: 0551 29 23 29 (Разаков Сухраб), 0551 35 59 36 (Сатиева Жылдыз). Катышуучулардын саны чектелүү. Каттоо 17-ноябрда аяктайт.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи