Гуманитардык жардам үчүн кайрылууга аргасыз болгон кыргызстандыктар көбөйүүдө – жакырчылык

Гуманитардык жардам үчүн кайрылууга аргасыз болгон кыргызстандыктар көбөйүүдө – жакырчылык

Пандемиядан улам пайда болгон кризисти жеңүү үчүн барган сайын көбүрөөк кыргызстандыктар «кризис» жана «өзгөчө кырдаал» стратегияларына азык-түлүк эмес товарларга чыгымдарды кыскартууга, мүлкүн сатууга жана гуманитардык жардам издөөгө аргасыз болууда. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эксперттери Улуттук статистикалык комитет менен биргеликте жүргүзгөн изилдөөдө айтылат.

Изилдөөдө мындай үй-бүлөлөрдүн саны 2020-жылы 12% болсо, 2021-жылы 36%га өскөн. Бул келечектеги соккуларга туруштук берүү жөндөмүнүн, ошондой эле учурдагы жана келечектеги өндүрүмдүүлүктүн төмөндөшүнө жана жашоо каражаттарына коркунучтарга алып келери айтылат.

COVID-19 пандемиясы Кыргызстандын калкынын эң жакыр катмарына, өзгөчө шаар тургундары  үчүн азык-түлүк коопсуздугуна жана тамактануусуна олуттуу коркунучтарды жаратты.

Салыштыруулар көрсөткөндөй, кирешенин төмөндөшү тамак-ашка болгон суроо-талапты гана азайтпастан, аларды сатып алуудагы өзгөрүүлөргө да алып келген. Жарандар мөмө-жемиштер, жашылчалар жана жаныбарлардын эти сыяктуу пайдалуу заттарга бай тамак-аштарга караганда нан, кант сыяктуу жогорку калориялуу тамактарды көбүрөөк сатып ала баштаганын айтышат адистер.

Пандемия менен келген экономикалык кризис Кыргызстанда көп жарандарды жакырчылыкка кириптер кылды жана жумушсуздардын санынын көбөйүшүнө алып келди. Бул жагдайды жеңүү үчүн үй-бүлөлөр алардын тамактануусуна, ден соолугуна жана өндүрүмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизген жана келечекте өзгөртүү кыйын болгон күрөштүн ар кандай стратегияларын колдонуп жатышканын билдиришкен. Бул өз учурунда калк арасында жакырчылыкка дуушар болгон аярлуу катмар көбөйүп жатат дегенди билдирет.

Изилдөөдө калкты мындай соккуларга туруктуулугун жогорулатуу үчүн төмөнкүлөр сунушталган:

• киреше алып келүүчү иш-чараларга, жакырчылыкты кыскартуу программаларына, коопсуздук тармактары менен тамак-аш системаларынын ортосундагы секторлор аралык байланыштарды чыңдоого басым жасоо

• калкты дени сак жана ар түрдүү тамактанууга үгүттөө жана аны жайылтуу

• эч ким колдоосуз калбашы үчүн социалдык жөлөкпулдардын түзүмдөрүн бекемдөө

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи