Кыргыз алтынынын экспорту 3.2 эсеге кыскарды – КР LBMA ишенимдүү жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен чыкканынын кесепети

Кыргыз алтынынын экспорту 3.2 эсеге кыскарды – КР LBMA ишенимдүү жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен чыкканынын кесепети

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында өлкөнүн негизги экспорттук товарларынын бири болгон кыргыз алтынынын экспорту 3.2 эсеге кыскарды. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча, КРнын чет өлкөгө жөнөткөн товарларынын ичинен көлөмү эң кыскарган алтын болуп чыкты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандан экспорттолгон алтындын басымдуу бөлүгү Кумтөр кенинен казылып алынат.

Эскерте кетсек, Лондондун баалуу металлдар рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы (LBMA) 17-сентябрдан тарта «Кыргызалтын» ААКнын ишенимдүү жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен алып салган болчу. «Кыргызалтын» камсыздоо талаптарын жоопкерчиликтүү аткарбагандыгы үчүн тизмеден чыгарылган.

Буга чейин КРнын тоо-кен, металлургия кесиптик бирлиги Лондон баалуу металлдар фондулук биржасынын бул чечими өлкөнүн бардык алтын өндүрүү тармагына терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп айткан эле. Ал эми Кара-Балтадагы «Аффинаждык заводу» жалпысынан банкротко учурашы ыктымал, анткени бул комбинатта алтынды тазалоо пайдасыз болуп калат.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан тышкары, аффинаждык заводдун кызматын «Алтынкен» ЖЧКсы, «Альянс Алтын» ЖЧКсы, «Макмал Голд Компани» ЖЧКсы, Солтон-Сары кени жана башка ишканалар колдонушат. Бул компаниялар металлды акыркы продуктка чейин иштетүү үчүн башка булактарды  издөөгө туура келет, бул бир канча убакытты талап кылат жана кымбатка түшөт деп айтылган КРнын тоо-кен бирлигинин билдирүүсүндө.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи