Ысык-Көлдөн Алматыга түз жол курулат – АӨБ менен каржылоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Ысык-Көлдөн Алматыга түз жол курулат – АӨБ менен каржылоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Ысык-Көлдөн Алматыга түз жол салынат. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиев менен Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) КРгы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Лао-Арая Канопкан «Алматы –  Ысык-Көл альтернативдик жолу» долбоорун ишке ашыруунун техникалык, финансылык, экономикалык жана башка аспектилерин талкуулашты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары долбоорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи жана Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүнө колдоо көрсөткөнүнө ыраазычылык билдирди.

«Долбоор өлкөнүн туристтик, транспорттук жана соода потенциалына оңдуу таасирин тийгизет. Министрлер Кабинети аны ишке ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтөт», – дейт Аалиев. Ал ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдарга аны ыкчам ишке берүү боюнча тийиштүү иш жүргүзүүнү тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ортосундагы кызматташуунун башка маселелери да талкууланды.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын декабрь айында жарыяланган АӨБ отчетуна ылайык, Алматы шаарын жана Ысык-Көл облусун бириктирген альтернативдик жол республиканын ИДПсын 53-439 млн долларга жогорулата алат, ошондой эле жол кире наркын жана ага кеткен убакытты кыскартып, бул өз ара каттамдардын жыштыгынын көбөйүшүнө алып келет.

Жаңы жол аймактык экономиканы өнүктүрүү инструменти болуу менен катар туристтик агымдын көбөйүшүнө жана инвестиция тартууга түрткү болот.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи