13 ай катары менен болгон өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөөсү акыры токтоду

13 ай катары менен болгон өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөөсү акыры токтоду

13 ай катары менен ылдыйлаган өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөшү токтоду. Январь-октябрь айларында өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын көлөмү 0.2%га өстү, тагыраак айтканда 274.8 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

«Кумтөр» боюнча маалыматтарды эске албаганда, ушул жылдын январь-октябрь айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 153 млрд сомду (+ 18.2%) түздү. Алсак, республикада өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүнүн 44%ы «Кумтөрдүн» үлүшүнө туура келген.

Өнөр жай өндүрүшүнүн бир аз болсо да өсүшү тазаланган мунай продуктуларын (+ 54.5%), резина жана пластмасса буюмдарын, минералдык продуктуларды (+ 49.5%), жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык ишмердүүлүк (+ 29.9%), пайдалуу кендерди казып алуу (+ 18.9%), ошондой эле тамак-аш азыктарын (анын ичинде ичимдиктерди) жана тамеки буюмдарын (+ 14%) өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшү менен шартталган.

Ошол эле учурда машиналарды жана жабдууларды (– 14.6%) кошпогондо, фармацевтика продукциясын (– 39.6%), химиялык продукцияны (– 39.3%), негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүрүшүнүн кыскарганы, ошондой эле текстиль, кийим-кече жана булгаары буюмдарын өндүрүү төмөндөгөнү (– 5,7%) байкалган.

Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү өткөн жылы төмөнкү базада болгонун белгилей кетүү керек. Эске салсак, 2020-жылдын январь-октябрь айларында өнөр жай өндүрүшү 3.6%га кыскарып, болгону 265 млрд сомду түзгөн болчу.  

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи