Бишкекте мейманканаларга, ресторандарга жана кафелерге электр жарыгын үнөмдөө боюнча бекер консультация берилүүдө

Бишкекте мейманканаларга, ресторандарга жана кафелерге электр жарыгын үнөмдөө боюнча бекер консультация берилүүдө

Бишкек шаарындагы бардык мейманканалардын, ресторандардын жана кафелердин ээлери электр энергияны үнөмдөө боюнча акысыз консультация алууга чакырылат.

Чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү электр энергиясы жетишсиз болгон суук мезгилде ишкана туруктуу иштеши үчүн күн панелдерин жана коллекторлорду орнотуу, бөлмөлөрдү жылуулоо жана желдетүү, тазалоочу шаймандар боюнча сунуштарды жана башка маанилүү сунуш-маалыматтарды ала алышат.

Консультациялар күн сайын иш күндөрү саат 08:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын  Абдымомунов 145 дарегинде берилип турмакчы.

Энергияны үнөмдөөчү технологиялар өндүрүш жана керектөө менен байланышкан айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга жардам берет. Мындан тышкары, энергияны үнөмдөөчү чаралар мейманканалардын, ресторандардын жана кафелердин рынокто туруктуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү болушуна өбөлгө болот.

Консультацияларды «Юнисон Групптун» көп жылдык тажрыйбасы бар инженерлери өткөрүшөт. Ар бир ишкерге жекече мамиле жасалат.

  • Бардык суроолор боюнча бул телефондорго кайрылсаңыз болот: 0312 90 12 16, 0557 901 217, 0703 901 217, 0776 739 321.

Белгилей кетсек, бекер консалтинг Европа Биримдигинин SWITCH Asia программасынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Кыргызстандын туризм тармагында энергетикалык жана ресурстук эффективдүүлүктү илгерилетүү (ПЭРЭТО)» долбоорунун алкагында жүргүзүлөт. Ал Кыргызстандын туризм секторундагы чакан жана орто ишканалардын арасында туруктуу өндүрүш жана керектөө практикасын, ошондой эле энергияны жана ресурстук эффективдүүлүктү жайылтууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи