Донорлор менен 80 млн доллардан ашык кредиттик келишимдер ратификацияланды

Донорлор менен 80 млн доллардан ашык кредиттик келишимдер ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров, 16-августта донорлор менен 80 млн доллардан ашык келишимдерди ратификациялады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Азия өнүктүрүү банкы

Ратификацияланган келишимге ылайык, Азия өнүктүрүү банкы финансы каражаттарын республикалык бюджетке колдоо үчүн 80 млн АКШ доллар өлчөмүндө берет. Анын ичинде: 10.7 млн — грант жана 69.3 млн — кредит 24 жылга сегиз жылдык жеңилдетилген мезгилге 1% үстөк пайыз менен, негизги мезгилде 1.5% үстөк пайыз менен берилет.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы

2021-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган «Кербен шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация системасын реабилитациялоо» долбоору боюнча ЕБРР менен кредиттик кошумча макулдашуу ратификацияланды.

Долбоордун максаты – Ноокат шаарында, ошондой эле жакын жайгашкан Фрунзе, Чапаев, Нойгут жана Арал айылдарында ичүүчү суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоодо жана модернизациялоодо жардам көрсөтүү болуп саналат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 3 жыл.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи