ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда инфляциянын деңгээли эң жогору болууда

Октябрда сентябрь айына салыштырмалуу ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы катталганына карабастан, алардын ичинен инфляциянын эң жогорку деңгээли Кыргызстанда белгиленди.

Кыргызстанда бул көрсөткүч 2.3%, Казакстан менен Беларуста – 0.6%, Арменияда – 0.5%, Россияда – 0.4%ды түзөт.

Өткөн жылдын декабрына карата октябрь айында инфляциянын деңгээли боюнча Кыргызстан 1.3% менен алдыда келе жатат.

Ошол эле учурда экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли 8.5% менен Беларуста белгиленген. Бул азык-түлүк товарларына (9.3%), азык-түлүк эмес товарларга (9.1%) жана кызмат көрсөтүүлөргө ( 6.3%) карата байкалган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды