2021-жылдын III кварталында республикадагы депозиттердин жалпы көлөмү 215 млрд сомду түздү

2021-жылдын III кварталынын жыйынтыгы боюнча республикадагы депозиттердин жалпы көлөмү 215 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директору Эркебей Мурзабеков «Биринчи радиого» берген маегинде айтты.

Анын айтымында, 2020-жылдын аягындагы жалпы депозиттердин көлөмү 184 млрд сомду түзгөн. Ал эми 2021-жылдын III кварталынын жыйынтыгы боюнча 215 млрд сомдон ашты.

«2015-жылдан тарта ортоломо 15-20%дын деңгээлинде өсүү берип жаткан болсо, 9 айдын жыйынтыгы боюнча 17%га жеттик. Алдыдагы дагы 3 айды кошо турган болсок, буга чейин өсүп келе жаткан тенденция уланат деген ишеничтебиз. Бул биринчиден, элдин турмуш-деңгээли бир аз да болсо жогорулап жатат дегенди билдирет, экинчи жагынан болсо, калк топтогон каражаттарын банк системасына ишенип тапшырып жатканынан жана финансылык сабаттуулугунун жогорулап жатканынан кабар берет», – деди ал.  

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды