Апрель-октябрь айларында электр энергиясын керектөө лимиттен 10.4%га ашып кеткен

Апрель-октябрь айларында электр энергиясын керектөө лимити 10.4%га, тагыраак айтканда, 530 млн кВт саатка ашып кеткен. Бул тууралуу «Улуттук Энергохолдинг» билдирет.

Энергохолдингдин берген маалыматына таянсак, белгиленген чектерди сактабоо – Токтогул суу сактагычындагы суунун дагы азайышына жана аймактар ​​боюнча электр энергиясын керектөөдөгү чектөөлөрдүн киргизилишине алып келиши мүмкүн.

2021-жылдын апрелинен сентябрына чейинки сугат мезгилинде Токтогул суу сактагычына суунун агып кириши акыркы төрт жылдагыдан бир топ азыраак болгон. Ошондуктан Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан республикаларынан электр энергиясын импорттоо жана алмашуу боюнча чаралар көрүлүүдө дейт «Улуттук Энергохолдинг».

«Улуттук Энергохолдинг» ар бир керектөөчүнү бүтүндөй энергетика системасынын ишенимдүү иштешин камсыздоо үчүн электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды