Жерүй. Кенди иштетүү бюджетке кандай пайда алып келүүдө – сандар, далилдер

Жерүй. Кенди иштетүү бюджетке кандай пайда алып келүүдө – сандар, далилдер

Жерүй кенинин ишке киришин 2021-жылдагы Кыргызстандагы эң маанилүү экономикалык долбоор десе болот. Кен ишке киргенден тартып, алты айдын ичинде эле бүтүндөй өлкөгө эбегейсиз чоң пайда алып келе баштады. Айтсак, мамлекеттик бюджетке салыктар түшүп, кыргызстандыктарды жумуш менен камсыздап, ал эми жергиликтүү өндүрүшчүлөр менен туруктуу келишимдерди түзө баштады.

Кендин ишмердүүлүгү мыйзам чегинде так жүргүзүлүп, «Альянс Алтын» иштетүүчү компаниясы мамлекет алдындагы бардык милдеттенмелерин толук жана өз убагында аткарууда.

Долбоордун ийгилигин иштетүүчү компаниянын акыркы отчету тастыктап турат. Бул отчетко ылайык, биринчиден, компания 2015-жылдан 2021-жылдын 31-октябрына чейинки мезгилде төлөгөн салык жана төлөмдөрүнүн көлөмү 3.5 млрд сомдон ашкан. Экинчиден, айлана-чөйрөнү коргоого 12 млн сом өлчөмүндөгү кезектеги кварталдык транш өз убагында жана толугу менен которулган. Ал эми үчүнчүдөн, ишкананын атайын рекультивациялык эсебине 28.3 млн сом топтолгон. Бул жана башка натыйжалуу иштери тууралуу макаланын мындан кийинки бөлүгүндө айтылмакчы.

Салыктар менен төлөмдөрдүн өсүшү

Алгач айта кетсек, «Жерүй» Кыргызстандын бюджетине алгачкы эки айдын жыйынтыгы боюнча, башкача айтканда, 2021-жылдын апрель-май айларында эле алгачкы миллиардды төккөн. 31-октябрга карата КРнын мамлекеттик бюджетине кенден түшкөн киреше 3.5 млрд сомдон ашкан.

Акыркы маалыматтар боюнча, 31-октябрга карата «Альянс Алтын» ишканасы республикалык жана жергиликтүү бюджетке жалпысынан 3 млрд 538 млн сом салык төлөгөн, анын ичинен 1 млрд 599 млн сому алтынды сатуудан түшкөн каражаттан берилген.

Өндүрүш башталгандан жети айдан кийин эле Талас облусунун жергиликтүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана аны кармоого 169 млн сомдон ашык каражат которулган.

Жергиликтүү бюджеттерге төлөмдөрдү «Альянс Алтын» ишканасы Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарын так сактоо менен жүргүзүп, төлөнгөн 169 млн сом төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • Талас облусунун өнүктүрүү фондуна (50%) — 84 565 790 сом
  • Талас облусунун өнүктүрүү фондуна (30%) — 50 739 474 сом
  • Бекмолдо айылдык Кеңешинин өнүктүрүү фондуна (20%) – 33 826 316 сом

Мындан тышкары, «Альянс Алтын» компаниясы республикалык, жергиликтүү бюджеттерге жана башка мамлекеттик мекемелерге милдеттүү төлөмдөрдү да өз убагында төлөп келген.

31-октябрга карата Кыргызстандын Социалдык фондуна компаниянын кызматкерлеринин келечектеги пенсияларын камсыздоо үчүн 314 млн сомдон ашык камсыздандыруу төгүмдөрү которулган. Бюджетке киреше салыгы боюнча төлөмдөр болжол менен 99 млн сомду түзгөн.

Бонустук жана роялти төлөмдөрү тиешелүүлүгүнө жараша 386 млн сомго жана 423 млн сомго жетти. КНСти төлөө 875 млн сом, мүлк салыгы 1.3 млн сомду түзүп, жер салыгын төлөө 10 млн сомдон ашкан.

Бул жана башка төлөмдөр КРнын мыйзамдарынын талаптарына ылайык төлөнгөн.

Маанилүү экономикалык ишмердик

Экологиялык төлөмдөр. «Альянс Алтын» дагы пландалган экологияны коргоого каражатты үзгүлтүксүз которуп турат, ал эми III кварталда болсо 11.8 млн сом өлчөмүндө кезектеги төлөмдү ишке ашырды. Бул төлөм Талас районунун экологиясын сактоо үчүн өткөн II кварталда которулган 9.7 млн сомго кошумча төлөнгөн.

Бул каражаттар КР өкмөтүнүн №559 токтомуна ылайык, Талас аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Рекультивация фонду. Ошондой эле, кабыл алынган милдеттенмелерди так аткаруунун алкагында, «Альянс Алтын» ишканасы рекультивация фондун ай сайын толуктоого 785 миң сом өлчөмүндө каражат которду.

Бул төлөмдөрдү эске алсак, 31-октябрга карата атайын рекультивациялык эсепте 28 млн 307 миң сом топтолгон.

Айлана-чөйрөнү коргоо. «Альянс Алтын» жер-суу ресурстарын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды такай жүргүзүп келет.

Айтсак, кен казуу аймактарында жер жумуштарын жүргүзүүдө жер кыртышынын түшүмдүү катмары алынып сакталат, анткени ал рекультивацияда кайра колдонулат.

Кайра иштетүү комплексинин өндүрүш аянтында топурак жана өсүмдүк катмарын алып салуу жана сактоо процесси:

Кенде саркынды сууларды эффективдүү тазалоо үчүн тазалоочу шаймандардын иши катуу көзөмөлгө алынган.

Бул тазалоонун механикалык жана биологиялык баскычтарынын бардык жумуштарынын этаптарын иштөө тартибинде кармайт. Ошондой эле жергиликтуу тазалоочу курулуштардын жумушчу циклине коагулянттарды өз убагында киргизет.

Мындан тышкары, «Жерүй» башкармалыгынын чарбасын жана ичүүчү суу менен камсыздоочу жер астындагы булактардан алынган ичүүчү сууга да мониторинг жүргүзүлгөн. Ичүүчү суу белгиленген коопсуздук көрсөткүчтөрүнө ылайык келет.

Бардык көрсөткүчтөрдү квартал сайын көзөмөлдөгөн «Чүй экологиялык лабораториясы» ЖЧК «Жерүй» кенин иштетүү айлана-чөйрөгө жана экологияга эч кандай терс таасирин тийгизбейт деп билдирет.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи