Президент Баткен облусу боюнча «отчеттук» маек берди – канча млн кайда жумшалды

Президент Баткен облусу боюнча «отчеттук» маек берди – канча млн кайда жумшалды

Президент Садыр Жапаров Баткен облустук медиа борборуна маек куруп, облустун актуалдуу маселелери боюнча суроолорго жооп берип, ошондой эле бул аймакка бөлүнгөн каражаттар тууралуу кенен маалымат берди. Аталган маек «Баткен Медиа Борборунун» Фейсбуктагы баракчасында бүгүн, 19-ноябрда жарыяланды.

Садыр Жапаровдун берген маалыматына ылайык, облуска бөлүнгөн каражаттар тууралуу төмөндө сөз болот.

Сугат суу тармагы

Президенттин айтымында, Баткен облусунун жалпы сугат суу тармагына 477 млн 100 миң акча каражаты жумшалган.

«Лейлек» суу сактагычын куруу долбоорун иштеп чыгууга 185 млн сом акча каражаты бөлүнүп, бүгүнкү күндө тендер жарыяланды. 2020-жылдын 25-ноябрында Максат дюкер 2 долбооруна КРӨ тарабынан 50 млн сом, 9-декабрда 50 млн сом, жалпысынан 100 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилген», – деди президент.

Жол тармагы

Президенттин маалыматына караганда, Баткендин аймагында жалпы 17.5 км жолдорго асфальтобетон каптамы төшөлгөн. Лейлек районунун Кулунду-Максат-Арка жолу 11.3 км, Баткен районунун Ак-Сай-Рават 3 км, Көк-Таш-Чайхана тилкеси 1.2 км, Кадамжай районунун Ош-Исфана 178-179 км участогунун Чечме айылында 1 км, Үч-Коргон-Теңизбай 1 км автожолдоруна асфальт төшөлүп бүткөн.

«Аталган жолдорго асфальт төшөө үчүн жана стратегиялык маанилүү жолдордун курулуштарына 290 млн 271 миң акча каражаты каржыланды», – деди президент.

Калкты таза суу менен камсыз кылуу

Облустун аймагында 12 айыл таза суу менен камсыз болгон. Аталган айылдарды таза суу менен камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн акча каражаты 13 млн 700 миң сомду түзгөн.

Курулуш иштери

Президент бийлике келгенден баштап Баткенге 9 мектеп, 3 бала бакча, 3 оорукананын курулуштары башталганын, 9 мектептин ичинен 2 мектеп толугу менен бүтүп пайдаланууга берилгенин (Газ жана Чоң – Талаа орто мектептери), ал эми 7 мектептин курулуш иштери 75%га аткарылып, бүгүнкү күндө курулуш иштери улантылып жатканын, үч бала бакчанын ичинен экөө толугу менен бүтүп пайдаланууга берилгенин, ал эми бирөөндө курулуш иштери 70%га аткарылганын, ошондой эле үч оорукананын ичинен экөө толугу менен бүтүп, пайдаланууга берилгенин, ал эми бирөөндө курулуш иштери 70%га аткарылып, бүгүнкү күндө иштер улантылып жатканын айткан.

«Аталган курулуш иштерине 122 млн 501 миң сом акча каражаты бөлүндү. 4 мектептин капиталдык оңдоп түзөө иштери 50%га аткарылып, бүгүнкү күндө аларда да иштер жүргүзүлүүдө. Ал эми 1 маданият, 1 спорт объектисинде капиталдык оңдоп түзөө иштери толугу менен бүтүп, пайдаланууга берилди. Аталган объектилердин капиталдык оңдоп түзөө иштерине 36 млн 385 миң сом акча каражаты бөлүндү», – деди ал.

Жерлердин категорияларын өзгөртүү багыты боюнча

Ошондой эле Жапаров 2020-жылдын 13-ноябрындагы №558 токтомунун негизинде 300га, 2020-жылдын 13-ноябрындагы №559 токтомунун негизинде 150 га, КРнын өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы №557 токтомунун негизинде, 151.1га, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-июнундагы №49 токтомунун негизинде 5 га жер аянттары «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулганын да кошумчалады.

«Жалпы жогоруда аталган 7 тармактарга 1 млрд 249 млн сом акча каражаты каржыланды», – деди Жапаров.

Президенттин берген маалыматына ылайык, Баткен облусуна өзгөчө статус берүүнүн аркасында, салыктар жоюлгандан кийин ички жана тышкы инвесторлор өндүрүштүк ишканаларды ача башташат. Курулуштарды курулуп, жаңы, заманбап аэропорт салынат. «Кудай буюрса, келе жаткан жылы бир топ өндүрүш ишканалары салына баштайт. Азыр пландоо иштери жүрүп жатат. Алар салынып бүтсө, иш орундары ачылат. Чек арага жакын жайгашкан жерлерге жаңы айылдарды салып, толук бүткөн инфраструктурасы менен жаштарга бөлүп беребиз. Баткен облусунан көчүп кеткен жарандарыбыз кайрылып келе башташат», – деди Жапаров.

«Силер Баткендиктер, министрибиз жок, депутатыбыз жок деп кейибегиле. Мен силердин министриңермин, мен силердин депутатыңармын жана мен силердин президентиңермин. Жүрөгүмдүн 99 пайызын Баткен ээлеп турат. Кыргызстан Баткенден башталат. Чек араң бекем болбосо, өлкөңдө коопсуздук болбойт. Биринчи кезекте коопсуздук маселесине, андан кийин элдин жашоосуна, анан экономикасына көңүл буруп жатабыз», – деди президент.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи

Саламаттык сактоо тармагынын бюджети 51,9 млрд сомго жетти

Саламаттык сактоо тармагынын бюджети 51,9 млрд сомго жетти

Саламаттык сактоонун консолидацияланган бюджети дээрлик эки эсеге көбөйүп, 51,9 миллиард сомго жетти. Бул тармактын мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтүүгө, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга шарт түздү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов билдирди. Маалыматка ылайык, беш жылдын ичинде 21 саламаттык сактоо объектиси пайдаланууга берилди,

“Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагына 20 млрд доллар инвестиция тартылат

“Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагына 20 млрд доллар инвестиция тартылат

3-июлда Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын расмий ачылыш аземи өттү. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы жаңы аймактын алгачкы чет өлкөлүк резидент-инвесторлоруна беш сертификат тапшырды. Аземге Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков катышып, бул

Шанхай – Бишкек аба каттамын ачуу маселеси талкууланды

Шанхай – Бишкек аба каттамын ачуу маселеси талкууланды

"Кыргызстан аэропортторунун” жетекчиси Кытайдын эң ири авиакомпанияларынын бири – China Eastern Airlines компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу Манас Самидинов билдирди. Маалыматка ылайык, Шанхай – Бишкек – Шанхай багыты боюнча түз аба байланышын ачуу маселеси талкууланды. Бул – Кыргызстанды дүйнөгө ачуу, жарандар үчүн саякаттоого, бизнес жүргүзүүгө жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы