КРнын фондулук биржасынын индекси рекорддук көрсөткүчкө жетти

Кыргыз фондулук биржасынын индекси 1180.88 пунктка жетти. Бул тууралуу КФБнын басма сөз кызматы билдирет.

Эксперттер бул факторду «Манас» эл аралык аэропортунун баалуу кагаздарынын өсүшү менен түшүндүрүүдө, анын баасы өткөн аптада 572 сомго чейин жогорулап, КФБнын индексине таасирин тийгизген.

Учурда «Манас» аэропортунун акцияларынын саны 27.8 млн бирдикти, ал эми капиталдаштыруу 15.9 млрд сомду түзөт. Компания 2008-жылдан бери КФБнын расмий тизмесинде жана эл аралык отчеттуулуктун жана ачыктыктын стандарттарына жооп берген жогорку натыйжалуулукту көрсөткөн биржанын үлгүлүү листингдик компаниялардын бири болуп саналат.

Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, акциянын баасынын динамикасы эки негизги фактордон көз каранды – компания ала турган пайда жана эсептик чен (акцияларды сатып алууда инвесторлор күткөн каалаган киреше).

Конкреттүү учурда, «Манас» аэропортунда баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнө алып келген пайданын өсүшүнө 2021-жылы туристтик сезондун ийгиликтүү өтүшү жана коронавируска байланыштуу чектөөлөргө карабастан аба каттамдарынын санынын көбөйүшү таасир эткен.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды