Кыргызстандын каржы мекемелери 46 млрд сом киреше тапты

Кыргызстандын каржы мекемелери 46 млрд сом киреше тапты

Каржы сектору тогуз айда 46 млрд сом киреше алды, бул өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 11%га көп. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Кирешенин өсүшүнүн олуттуу бөлүгү банк секторуна (62%), микрокредиттик уюмдарга (17%), ломбарддарга (14%) тиешелүү.

Финансы секторундагы уюмдардын чыгашалары бул мезгилде 7%га өсүп, 31 млрд сомду түздү.

Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча финансы уюмдары 15 млрд сом таза киреше алышкан, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 23%га көп. Пайданын 77%га өсүшү Улуттук банктын кирешесинин өсүүсүнүн эсебинен болгон.

Январь-сентябрь айларында финансылык сектордогу рентабелдүү уюмдардын үлүшү алардын жалпы санынын 65%ын түзгөн, ал эми уюмдардын 17%тен ашыгы чыгашага учураган.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи

Саламаттык сактоо тармагынын бюджети 51,9 млрд сомго жетти

Саламаттык сактоо тармагынын бюджети 51,9 млрд сомго жетти

Саламаттык сактоонун консолидацияланган бюджети дээрлик эки эсеге көбөйүп, 51,9 миллиард сомго жетти. Бул тармактын мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтүүгө, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга шарт түздү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов билдирди. Маалыматка ылайык, беш жылдын ичинде 21 саламаттык сактоо объектиси пайдаланууга берилди,

“Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагына 20 млрд доллар инвестиция тартылат

“Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагына 20 млрд доллар инвестиция тартылат

3-июлда Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын расмий ачылыш аземи өттү. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы жаңы аймактын алгачкы чет өлкөлүк резидент-инвесторлоруна беш сертификат тапшырды. Аземге Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков катышып, бул

Шанхай – Бишкек аба каттамын ачуу маселеси талкууланды

Шанхай – Бишкек аба каттамын ачуу маселеси талкууланды

"Кыргызстан аэропортторунун” жетекчиси Кытайдын эң ири авиакомпанияларынын бири – China Eastern Airlines компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу Манас Самидинов билдирди. Маалыматка ылайык, Шанхай – Бишкек – Шанхай багыты боюнча түз аба байланышын ачуу маселеси талкууланды. Бул – Кыргызстанды дүйнөгө ачуу, жарандар үчүн саякаттоого, бизнес жүргүзүүгө жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы