«Кыргыз Петролеум Компаниге» Камчыбек Ташиевдин кандай тиешеси бар? – Иликтөө

«Кыргыз Петролеум Компаниге» Камчыбек Ташиевдин кандай тиешеси бар? – Иликтөө

УКМКнын (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиевдин тууганы, тагыраак айтканда, 31 жаштагы жээни КРгы нефтини кайра иштетүүчү ири заводго жетекчи болуп дайындалган. Бул тууралуу ютубдагы Temirov LIVE каналынын кезектеги иликтөөсүндө айтылат.

Журналист Тыныстан Асыпбековдун айтымында, 2020-жылдагы октябрь окуясынан кийин жалгыз акционери «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканасы болгон «Кыргыз Петролеум Компанинин» жетекчиси Нурлан Максүтов жумуштан алынып, анын ордуна Байгазы Матисаков келген. Иликтөөдөгү материалдар көрсөткөндөй, ал Ташиевдин бир тууган эжеси Каныгүл Ташиеванын уулу болуп чыккан.

Ошондой эле журналист «Кыргыз Петролеум Компанинин» заводдорунун бири Жалал-Абад облусунда Ташиевдердин үй-бүлөсүнө таандык дагы бир завод – «Томас» ишканасынан алыс эмес жерде жайгашканын айтат. Тагыраак айтканда, «Томас» май куюучу жайлар тармагы да Ташиевдерге таандык.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Матисаковго «Бай Компани» жана «Бай-Таш» компаниялары катталганы аныкталган. Биринчи компания, Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, чийки мунай өндүрүү менен алектенет. Изилденген маалыматтарга ылайык, Жалал-Абад облусундагы эки нефтини кайра иштетүүчү завод Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн карамагында экени белгилүү болгон.

Мындан тышкары, иликтөөдө УКМКнын башчысынын туугандары 2020-жылдын октябрь окуясынан кийин негизги кызматтарды ээлеп келгенин да билдирет:

  • Жалал-Абад облусунун губернатору – Ташиевдин өкүл уулу – Абсаттар Сыргабаев
  • «Кыргызалтындын» директорлор кеңешинин мүчөсү – Ташиевдин күйөө баласы Тагайбек Казакбаев
  • Өзгөн районунун прокурору – Ташиевдин жээни – Нургазы Матисаков
  • «Кыргыз Петролеум Компанинин» президенти Ташиевдин жээни – Байгазы Матисаков.

Мындан тышкары окуңуз

Саламаттык сактоо тармагынын бюджети 51,9 млрд сомго жетти

Саламаттык сактоо тармагынын бюджети 51,9 млрд сомго жетти

Саламаттык сактоонун консолидацияланган бюджети дээрлик эки эсеге көбөйүп, 51,9 миллиард сомго жетти. Бул тармактын мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтүүгө, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга шарт түздү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов билдирди. Маалыматка ылайык, беш жылдын ичинде 21 саламаттык сактоо объектиси пайдаланууга берилди,

“Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагына 20 млрд доллар инвестиция тартылат

“Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагына 20 млрд доллар инвестиция тартылат

3-июлда Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын расмий ачылыш аземи өттү. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы жаңы аймактын алгачкы чет өлкөлүк резидент-инвесторлоруна беш сертификат тапшырды. Аземге Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков катышып, бул

Шанхай – Бишкек аба каттамын ачуу маселеси талкууланды

Шанхай – Бишкек аба каттамын ачуу маселеси талкууланды

"Кыргызстан аэропортторунун” жетекчиси Кытайдын эң ири авиакомпанияларынын бири – China Eastern Airlines компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу Манас Самидинов билдирди. Маалыматка ылайык, Шанхай – Бишкек – Шанхай багыты боюнча түз аба байланышын ачуу маселеси талкууланды. Бул – Кыргызстанды дүйнөгө ачуу, жарандар үчүн саякаттоого, бизнес жүргүзүүгө жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы

Республика боюнча селдин кесепеттери жоюлуп, каттамдар ачылды

Республика боюнча селдин кесепеттери жоюлуп, каттамдар ачылды

1-3-июлда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен  улам өлкөнүн көпчүлүк аймактарындагы унаа жолдордо сел жана таш кулоо учурлары катталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаралган кырдаалга байланыштуу министрликтин  Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, атайын техникалардын жардамы менен жолдорду сел калдыктарынан тазалоо