Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода жүгүртүү 38%га өстү

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода жүгүртүү 38%га өстү

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү январь-сентябрь айларында 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 38%га өсүп, 1.7 млрд доллардан ашык сумманы түздү.

Бул тууралуу РФнын премьер-министри Михаил Мишустин КРнын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен болгон жолугушууда билдиргенин РФ өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Мишустиндин айтымында, Орусия Кыргызстандын негизги экономикалык өнөктөшү болуп саналат.

«Кыргызстанда энергетика, тоо-кен жана телекоммуникация тармагында россиялык ири компаниялар иштейт. Өнөр жай, айыл чарба машина куруу, автомобиль, радиоэлектрондук өнөр жай тармагынын келечеги чоң», – деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары окуңуз

Саламаттык сактоо тармагынын бюджети 51,9 млрд сомго жетти

Саламаттык сактоо тармагынын бюджети 51,9 млрд сомго жетти

Саламаттык сактоонун консолидацияланган бюджети дээрлик эки эсеге көбөйүп, 51,9 миллиард сомго жетти. Бул тармактын мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтүүгө, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга шарт түздү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов билдирди. Маалыматка ылайык, беш жылдын ичинде 21 саламаттык сактоо объектиси пайдаланууга берилди,

“Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагына 20 млрд доллар инвестиция тартылат

“Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагына 20 млрд доллар инвестиция тартылат

3-июлда Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын расмий ачылыш аземи өттү. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы жаңы аймактын алгачкы чет өлкөлүк резидент-инвесторлоруна беш сертификат тапшырды. Аземге Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков катышып, бул

Шанхай – Бишкек аба каттамын ачуу маселеси талкууланды

Шанхай – Бишкек аба каттамын ачуу маселеси талкууланды

"Кыргызстан аэропортторунун” жетекчиси Кытайдын эң ири авиакомпанияларынын бири – China Eastern Airlines компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу Манас Самидинов билдирди. Маалыматка ылайык, Шанхай – Бишкек – Шанхай багыты боюнча түз аба байланышын ачуу маселеси талкууланды. Бул – Кыргызстанды дүйнөгө ачуу, жарандар үчүн саякаттоого, бизнес жүргүзүүгө жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы

Республика боюнча селдин кесепеттери жоюлуп, каттамдар ачылды

Республика боюнча селдин кесепеттери жоюлуп, каттамдар ачылды

1-3-июлда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен  улам өлкөнүн көпчүлүк аймактарындагы унаа жолдордо сел жана таш кулоо учурлары катталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаралган кырдаалга байланыштуу министрликтин  Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, атайын техникалардын жардамы менен жолдорду сел калдыктарынан тазалоо