Улуттук банк быйылкы жылдагы эң чоң интервенцияны жүргүздү – 70.3 млн доллар сатты

Улуттук банк кечээ, 23-ноябрда быйылкы жылдын эң ири интервенциясын ишке ашырды. Көбөйгөн суроо-талапты канааттандыруу үчүн коммерциялык банктарга 70.3 млн доллар сатылган.

5.5 млн долларды сатуу келишими түзүлгөн күндөгү эсептешүү менен, ал эми 64.8 млн доллар башка күнү ишке ашырылган.

2021-жылы УБ он эки интервенцияда доллардын курсун кармап туруу үчүн эл аралык резервдерден 517.05 млн доллар короткон.

Акыркы жолу Улуттук банк валюта рыногуна доллар сатуу боюнча интервенцияны 5-ноябрда жүргүзгөн. Анда УБ 55.4 млн доллар саткан болчу.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды