«Бала-Саруу» ГЭСинин курулушуна 1 млрд сомго жабдуулар алынат

«Бала-Саруу» ГЭСинин курулушуна 1 млрд сомго жабдуулар алынат

Киров суу сактагычындагы «Бала-Саруу» кичи ГЭСин куруу үчүн 1 млрд сомдон ашык каражатка жабдуулар алынат.

23-ноябрда «Чакан ГЭС» ААКнын акционерлери көмөкчү гидромеханикалык жабдуулары, автоматтык башкаруу жана сигнализация системалары менен гидроэнергетикалык жабдууларды сатып алуу боюнча ири келишимди бекитишти. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди.

КФБдан билдиргендей, кийинчерээк тиешелүү маалымат мамлекеттик сатып алуулар боюнча расмий порталда жарыяланат.

Эскерте кетсек, мурдараак акционердик коом «Бала-Саруу» ГЭСинин курулушунун долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга 106 млн сомго тендер жарыялаган.

Эске сала кетсек, Бала-Саруу ГЭСинин курулушуна капсула август айынын аягында салынган. Объекттин жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт, орточо жылдык электр энергиясы 92 млн кВт саатты түзөт.

Керектүү каржылоонун көлөмү, иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздеме боюнча 22.9 млн долларды түзөт.Учурда Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) менен каржылоо боюнча маселе каралууда.

Долбоорду «Улуттук энергохолдинг» менен «Чакан ГЭС» ишке ашырат. Иштелип чыккан жол картасына ылайык, долбоор 2022-жылдын декабрында бүтүшү керек.

Мындан тышкары окуңуз

Республика боюнча селдин кесепеттери жоюлуп, каттамдар ачылды

Республика боюнча селдин кесепеттери жоюлуп, каттамдар ачылды

1-3-июлда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен  улам өлкөнүн көпчүлүк аймактарындагы унаа жолдордо сел жана таш кулоо учурлары катталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаралган кырдаалга байланыштуу министрликтин  Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, атайын техникалардын жардамы менен жолдорду сел калдыктарынан тазалоо

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Учкун айылында таза суу системасынын курулушунда техникалык талаптар толук сакталбаганы үчүн 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Нарын региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө объектте курулуш ченемдери жана техникалык регламенттер бузулгандыгы аныкталган. Натыйжада “Профит Экспресс” ЖЧКсына

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

3-июлда Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Садыр Жапаров, өкмөт өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана инвесторлор катышышты.  Президент бул аймак дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөр жаңы бизнес борборлоруна суроо-талапты жаратып жатканда - эл аралык стандарттар инновациялар жана узак мөөнөттүү инвестициялар үчүн чыныгы

Боом капчыгайы таш көчкүдөн тазаланууда

Боом капчыгайы таш көчкүдөн тазаланууда

Тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон таш көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, учурда жеринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен жолду көчкүдөн тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Унаа кыймылын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн жол маал-маалы менен ачылып, транспорт каражаттары