«Манас» аэропортунда 8 млн сомдук контрабандалык айфон кармалды

«Манас» бажысынын кызматкерлери 8 млн сомдон ашык суммадагы контрабандалык товарларды алып кирүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Бажы кызматы кабарлады.

Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек – Дубай багыты боюнча авиакаттамдан келген жүргүнчүлөрдү бажылык тариздөөнүн  процессинде 71 «iPhone»  маркасындагы мобилдик телефондор кармалган. Товардын жалпы наркы 8 279 448 сомду түзгөн.

 Жаран И.А.А. «Жашыл коридор» бажы контролу формасын тандап алуу менен (коштолуучу жүктү текшербестен), бажы органдын кызматкерине декларациялоо үчүн товарлардын жоктугун билдирген.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин Маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган. Материалдар КР УКМК тергөө органдарына караштуулугу боюнча өткөрүп берилген.   

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды