Галина Байтерек мыйзамсыз жерге курган имаратын 8 миң долларга ижарага берет

Галина Байтерек мыйзамсыз жерге курган имаратын 8 миң долларга ижарага берет

Президенттик аппараттын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы, буга чейин президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы болуп иштеп келген Галина Байтеректин мыйзамсыз курулган имараты тууралуу социалдык тармактарда маалымат тарады.

Маалыматка караганда Галина Байтерек Бишкек шаарынын 5-кичи районунда, тагыраак айтканда, Саякбай Каралаев көч., 42 дарегинде имаратты салдырып, аны «Фрунзе» дүкөнүнө ижарага берет. Ижарадан айына 8000 доллар түшөт. Бирок маалыматта көбүрөөк мыйзамсыз салынган имарат тууралуу айтылат.

«Кеп азыр Байтеректин ал имаратты мыйзам бузуу менен салып алганында. Өзү алган жер аздык кылып, акчадан башка нерсени ойлобогон Байтерек жылуулук түтүктөрүнүн үстүнө имаратты салып алган. Мыйзам боюнча, жылуулук берүү түтүктөрү имараттан эң эле аз дегенде 5 метр алыс болушу керек. Байтеректин капчыгын кампайтып жаткан имарат жылуулук берүү түтүктөрүнун так үстүндө жайгашкан», – деп айтылат жарыяда.

Эскерте кетсек, Байтерек бир жылда үч жолу кызмат ордун алмаштырган. Бул кызматтарда жүргөндө Байтерек коомчулуктун катуу сынына кабылган. Ал Өзбекстан менен болгон чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалыматты туура эмес бергендиктен, ошондой эле ал Токиодогу Олимпиадага барганынан улам чатактын чордонунда калган болчу. Акыркы маалыматтар боюнча, Галина Байтерек КТРКнын башкы директорунун орун басары болушу мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Республика боюнча селдин кесепеттери жоюлуп, каттамдар ачылды

Республика боюнча селдин кесепеттери жоюлуп, каттамдар ачылды

1-3-июлда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен  улам өлкөнүн көпчүлүк аймактарындагы унаа жолдордо сел жана таш кулоо учурлары катталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаралган кырдаалга байланыштуу министрликтин  Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, атайын техникалардын жардамы менен жолдорду сел калдыктарынан тазалоо

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Учкун айылында таза суу системасынын курулушунда техникалык талаптар толук сакталбаганы үчүн 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Нарын региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө объектте курулуш ченемдери жана техникалык регламенттер бузулгандыгы аныкталган. Натыйжада “Профит Экспресс” ЖЧКсына

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

3-июлда Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Садыр Жапаров, өкмөт өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана инвесторлор катышышты.  Президент бул аймак дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөр жаңы бизнес борборлоруна суроо-талапты жаратып жатканда - эл аралык стандарттар инновациялар жана узак мөөнөттүү инвестициялар үчүн чыныгы

Боом капчыгайы таш көчкүдөн тазаланууда

Боом капчыгайы таш көчкүдөн тазаланууда

Тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон таш көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, учурда жеринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен жолду көчкүдөн тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Унаа кыймылын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн жол маал-маалы менен ачылып, транспорт каражаттары