Кыргызстанда маалымат коопсуздугу боюнча адистер арасында Маалыматты коргоонун эл аралык күнү белгиленет

Кыргызстанда маалымат коопсуздугу боюнча адистер арасында Маалыматты коргоонун эл аралык күнү белгиленет

Кыргызстанда 1988-жылдан бери жыл сайын 30-ноябрда Маалыматтык системалардын коопсуздук боюнча ассоциациясынын (ISSA) демилгеси менен белгиленип келе жаткан Маалымат коопсуздугунун Эл аралык күнүнө карата Cyber Week 2021 иш-чарасы өтөт.

Иш-чара 29-ноябрдан 1-декабрга чейин онлайн форматта өтүп, виртуалдык сессияларды, лабораториялык иштерди жана презентацияларды маалымат коопсуздугу системасындагы профессионалдар жана жаңыдан баштагандар үчүн бир платформада бириктирип бермекчи.

Иш-чарага катышуу маалымат коопсуздугу тенденциялары менен таанышууга, продукцияны коргоо чаралары жана анын алсыз жерлерин  билүүгө жана кызматкерлерди окутуунун эффективдүү тажрыйбасын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Иш-чарага бул шилтеме аркылуу катталсаңыз болот: cyberweek.kg

Cyber ​​​​Week 2021 Cisco Systems менен бирге Green Light ITS системалык интегратору тарабынан уюштурулган.

Уюштуруучулар менен байланышуу:

Адрес: 720001, Бишкек ш., Табышалиев көч., 57

Тел: 0312 97 99 00

E-mail: info@greenlight.kg

Мындан тышкары окуңуз

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Учкун айылында таза суу системасынын курулушунда техникалык талаптар толук сакталбаганы үчүн 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Нарын региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө объектте курулуш ченемдери жана техникалык регламенттер бузулгандыгы аныкталган. Натыйжада “Профит Экспресс” ЖЧКсына

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

3-июлда Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Садыр Жапаров, өкмөт өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана инвесторлор катышышты.  Президент бул аймак дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөр жаңы бизнес борборлоруна суроо-талапты жаратып жатканда - эл аралык стандарттар инновациялар жана узак мөөнөттүү инвестициялар үчүн чыныгы

Боом капчыгайы таш көчкүдөн тазаланууда

Боом капчыгайы таш көчкүдөн тазаланууда

Тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон таш көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, учурда жеринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен жолду көчкүдөн тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Унаа кыймылын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн жол маал-маалы менен ачылып, транспорт каражаттары

Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкек шаарында Жунусалиев көчөсүнүн Анкара көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейинки тилкесинде жашыл аймакты калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек шаардык мэриясынын малыматына ылайык, буга чейин аталган тилкеде мыйзамсыз уюштурулган унаа кирүүчү жолдор жана унаа токтотуучу жайлар аныкталган. Алар шаардык чөйрөнүн абалына терс таасирин тийгизип, жашыл көчөттөрдүн өсүшүнө тоскоолдук жаратып келген. Учурда “Бишкек