Президент мамлекеттик мекемелердин кирешелери менен мактанды. Бирок өлкө кризисте экенин да мойнуна алды

Президент мамлекеттик мекемелердин кирешелери менен мактанды. Бирок өлкө кризисте экенин да мойнуна алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынынын башында кеңештин мүчөлөрүнө жана мамлекеттик орган жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берип жатып, анын жүргүзгөн саясатынын аркасында мамлекеттик мекемелер кандай иштеп жатканын маалымдады.

Президенттин айтымында, анын жүргүзгөн саясатынан улам, мамлекеттик ишканалар мурдагыга салыштырмалуу көбүрөөк киреше алып келе башташкан. Бирок ушул эле жыйында Садыр Жапаров өлкө импортко көз каранды абалга туш болуп, оор критикалык жагдайда турганын да белгиледи.

Президент: Импортко көз каранды абалга туш болдук

Дыйкандар жана кредиттер

«Биздин мамлекеттик банктарды ревизия, аудит жасоо боюнча Эсептөө палатасына тапшырма бергем. Эмне себептен дыйкандарга берилген, жеңилдетилген кредиттер жетпей жатат деп. Кечээ жакында бүттү. Алар текшерип келип бүтүп мага отчетун беришти. Бул жерде дыйкандарга мамлекет тарабынан  бөлүнгөн каражаттардын 3% эле жетет экен.  Калган 97%ын жалаң бизнесмендер, депутаттар, министрлер, губернаторлор, алардын жакын  туугандары алат экен. Ошол үчүн жерлер айдалбай калды», – деди ал.

«Мегаком»

«”Мегаком” боюнча айтайын. Ушул жылдын башында анын башчысын алмаштырганмын. Мурдагы жылдары 2-3 млрдга чейин таза киреше берип аткан болсо, 2-3 жылдан бери 500 млнго түшүп калган. Тарифтер, абоненттери ошондой эле, бирок киреше 500 млнго төмөндөгөн. Мен жаңы жетекчи коюп туруп, минимум 1.5 млрдга чыгарасын, болбосо жоопко тартыласын дегенмин. Мына  бүгүн 1.5 млрд таза киреше берди. 1 млрд сом каякка кетип жүргөн? Өзүңөр ойлонуп көргүлө. Былтыр болгону 1.5 млрдга чейин салык төккөн. Быйыл 3 млрд салык төгүп, 1.5 млрд сом  таза киреше таап атат. Мурда 1.5 млрд салык төккөн, салыктан да, таза кирешеден да 1 млрдын жеп жүргөн.  Мына ушундай фактылар өтө көп», – деди президент.

Темир жол боюнча

«Темир жол боюнча, мурда 2 млрд карызы болгон. Мен июль айында жетекчисин алмаштырдым дагы, эгерде коррупцияга аралашып, мурдагыларга окшоп ичип-жеп кетсең дароо камаласын, түрмөдөн чыкпайсың дегем. Мына бүгүн, алты айдын ичинде, 1 млрд 578 млн таза кирешеге чыгышты. Тапкан кирешесине Луговойдон баштап, Кыргызстандын аймагындагы бардык темир жолдорду оңдой баштады, жаңы вагондорду ала башташты», – деди ал.

«Манас» аэропорту

«Аэропорт боюнча, быйыл салыктарды төлөгөндөн кийин 3 млрд 110 млн сом таза кирешеси болду. Мурда 1 млрд 800 млн сом гана таза кирешеси болгон. 1 млрд 200 млн сом каякта? Ошол эле рейстер, ошол эле тарифтер, ошол эле аэропорт», – деди Жапаров.

«Дастан» заводу

«Дастан» заводу боюнча дагы, мурдагы бийликтин убагында камалгандар болгон. Алар ошол заводдун таза кирешесин жеп жүрүшкөн, шайлоого колдонуп салышкан. Мурда карызга батып калган болсо, быйыл 1 млрд сомго таза кирешеге чыгабыз деп турат», – деди президент.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Учкун айылында таза суу системасынын курулушунда техникалык талаптар толук сакталбаганы үчүн 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Нарын региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө объектте курулуш ченемдери жана техникалык регламенттер бузулгандыгы аныкталган. Натыйжада “Профит Экспресс” ЖЧКсына

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

3-июлда Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Садыр Жапаров, өкмөт өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана инвесторлор катышышты.  Президент бул аймак дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөр жаңы бизнес борборлоруна суроо-талапты жаратып жатканда - эл аралык стандарттар инновациялар жана узак мөөнөттүү инвестициялар үчүн чыныгы

Боом капчыгайы таш көчкүдөн тазаланууда

Боом капчыгайы таш көчкүдөн тазаланууда

Тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон таш көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, учурда жеринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен жолду көчкүдөн тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Унаа кыймылын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн жол маал-маалы менен ачылып, транспорт каражаттары

Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкек шаарында Жунусалиев көчөсүнүн Анкара көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейинки тилкесинде жашыл аймакты калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек шаардык мэриясынын малыматына ылайык, буга чейин аталган тилкеде мыйзамсыз уюштурулган унаа кирүүчү жолдор жана унаа токтотуучу жайлар аныкталган. Алар шаардык чөйрөнүн абалына терс таасирин тийгизип, жашыл көчөттөрдүн өсүшүнө тоскоолдук жаратып келген. Учурда “Бишкек