Алайда урна бузулуп, 46 бюллетен жарактан чыгарылды

Алайда урна бузулуп, 46 бюллетен жарактан чыгарылды

Алай шайлоо округунан 5011 шайлоо тилкесиндеги электрондук урнанын бири бузулуп, бюллетендер чыгарылды. Бул туурасында байкоочу Сыягул Караман фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«“Черный ящиктен” дагы толуп калып, жараксыз бюллетендер чыгарылды. Партиялардын 46 добушу өлдү деген сөз. Эл туура эмес добуш бергенде, техника жута албай, кара жашикти жараксыз бюллетендер менен толтуруп жатат. Эртеден бери экинчи ирет болду. Алай шайлоо округу, Биймырза, участок 5011. Башка участоктордогу партиялык АСУлар да ушинтип “чайналып” жатабы?» – деген ал.

Анын айтымында, Алай шайлоо округунда саат 16.00 карата 2403 шайлоочунун 636сы келип кеткен.

Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Мындан бир жыл мурун, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоо мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине жана Садыр Жапаровдун бийликке келишине алып келген массалык нааразылык акцияларынан улам өтпөй калган.

Жогорку Кеңештин жаңы курамында 120 эмес, 90 депутат болот. Бүгүн катышып жаткандардын ичинен 54 талапкер депутат болуп келет жана ар бир округдан 36дан депутат шайланат. Шайлоо жарышына 21 партия жана 282 бир мандаттуу талапкер катышууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бүгүн, Бишкек шаарында борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш болуп өттү. Ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев баштаган кесипкөй жана ышкыбоз велосипедчилер, ошондой эле үй-бүлөлөрү менен келген 2000ден ашуун шаар тургундары катышты. Шаардык мэриянын басма сөз кызмытынын маалыматына ылайык, веложүрүш Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында башталып, катышуучулар «Газпром — балдарга»

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүү жана КРнын жарандарына турак жайды жеңилдетилген шарттарда сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатын көздөп, "КРнын "Менин үйүм" мамлекеттик

Кыргыз спортчулары VI Азиянын пляждык оюндарына катышты

Кыргыз спортчулары VI Азиянын пляждык оюндарына катышты

Кече Кытайдын Санья шаарында өтүп жаткан VI Азия пляждык оюндары жыйынтыкталды. Ага КРнын спортчулары дагы катышкандыгын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, пляждык оюндарга бул жылы 45 өлкөнүн спортсмендери катышып, 14 оюндун түрү боюнча мелдештер өткөн. Кыргызстандын атынан жалпы 40 спортсмен спорттун 9 түрүнөн ат салышкан. Анын

Кыргызстандагы банктар май майрамдарында кандай иштешет: күн тартиби

Кыргызстандагы банктар май майрамдарында кандай иштешет: күн тартиби

2026-жылдын жумуш календарына ылайык, кыргызстандыктар май айында он күн бою эс алышат. 1-майдан 10-майга чейин созулуучу жазгы каникулдар күтүлүүдө. Узак дем алыш күндөрү каржылык маселелерди чечүүгө тоскоолдук кылбашы үчүн, майрам күндөрү коммерциялык банктардын иштөө убактысы боюнча кеңири маалыматты Экономист.kg даярдап чыккан. Эске алуучу нерсе: Банктар күн тартибин реалдуу убакыт