Ош: Техникалык себептен улам «Бүтүн Кыргызстан» тизмеден өчүрүлүп чыгууда

Ош шаарындагы №5271 шайлоо участкасында АСУдан чыккан чектен эки партия чийилип чыгууда. Бул тууралуу ua.kg сайтынын редакциясына шайлоочулар билдиришкен.

Чектеги партиялар көрсөтүлгөн тизмеден «Бүтүн Кыргызстан» өчүрүлгөнүн көрүүгө болот.

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Бакыт Алматовдун «Т-Медиага» билдиришинче, бул техникалык себептерден болгон.

«Бизге маалымат түшкөн. Кечээ бүт баарын тестирлөөдөн өткөргөнбүз. Баары жакшы болчу. Азыр мобилдүү топ оңдоо үчүн чыгып кетти. Бул техникалык гана ката. Чекти чыгарып жатканда ушундай болуп калган. Кайра калыбына келет», – деген Алматов.

Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Мындан бир жыл мурун, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоо мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине жана Садыр Жапаровдун бийликке келишине алып келген массалык нааразылык акцияларынан улам өтпөй калган.

Жогорку Кеңештин жаңы курамында 120 эмес, 90 депутат болот. Бүгүн катышып жаткандардын ичинен 54 талапкер депутат болуп келет жана ар бир округдан 36дан депутат шайланат. Шайлоо жарышына 21 партия жана 282 бир мандаттуу талапкер катышууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды