Таш-Көмүрдө шайлоо күнү свет жок – талапкерлер нааразы

Таш-Көмүр шаарында шайлоо күнү свет жок, интернет жоктугуна талапкерлер нааразы болуп социалдык тармактарда видео жарыялашкан.

Талапкердин айтымында, бул бийликтин атайылап кылган иши.

«Шайлдабекова, эмне үчүн жарык менен камсыз кылбайсыздар? Президент таза шайлоо болот дегенинен ишенип катыштык. Түнү өчүргөнүңөр аз келгенсип, эмнеге шайлоо күнү күндүз да өчүрөсүңөр?!» – деген талапкер шайлоо участогунда жарык жоктугун, иш жеринде эч ким жоктугун көрсөтүп нааразы болгон.   

Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Мындан бир жыл мурун, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоо мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине жана Садыр Жапаровдун бийликке келишине алып келген массалык нааразылык акцияларынан улам өтпөй калган.

Жогорку Кеңештин жаңы курамында 120 эмес, 90 депутат болот. Анын ичинен 54 депутат 5%дык босогодон өткөн партиялардан пропорционалдуу түрдө кирип, ар бир округдан 36дан депутат шайланат. Шайлоо жарышына 21 партия жана 282 бир мандаттуу талапкер катышууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды