Текебаев: Мындай шайлоону көргөн эмесмин, бюллетендерди кол менен санап чыгыш керек

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин  VII чакырылышына шайлоонун жыйынтыгы тууралуу пикирин билдирип, шайлоо таза өтпөгөнүн айтты.

«Мен мындай шайлоону көргөн эмесмин. Былтыр паракорчулук болсо, быйыл бүт система өзгөрдү. Бул сандарды кечээ мага бир журналист берген болчу. Эдил Байсалов ага азыр биз көрүп жаткан сандарды бериптир. Керек болсо, мен калп детекторунан да өтүүгө даярмын», – деди ал.

Текебаевдин айтымында, бюллетендердин 10%га жакыны бузулган. Ал жыйынтыктар бурмаланганын айтууда.

«Өзүбүздүн сурамжылоо боюнча биз 8-10% төмөн түшпөй келе жатканбыз. Бийликчил партиялар 4%га жеткен эмес. БШКнын сайты биринчи көрсөткөндө биздин партия 71 миңден кем эмес добуш алган. Сайтты өчүрүп, кайра күйгүзгөндө добуштардын саны 41 миңге түшүп калды. Бул деген биздин талапкерлер Али Токтакуновдун, Тилек Токтогазиевдин, Наталья Никитенконун, Клара Сооронкулованын добуштары башкаларга кетти дегенге жатат», – дейт ал.

БШКнын шайлоо жыйынтыгы тууралуу автоматтык эсептелген алгачкы маалыматында «Ата Мекен» партиясы 6.45% добуш алганы көрсөтүлгөн. Автоматтык саноо системасы үзгүлтүккө учурагандан кийин партиянын добушу 3.4% болгону жазылды.

Партия мүчөсү Наталья Никитенко дагы жаңы системага ишенбей турганын билдирди. «Бул фальсификация. Белгилүү бир убакта бизде 71 миңден ашык добуш бар болчу, система токтоп калып, бизде 40 миңден бир аз ашык эле добуш калды», – деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Мындан бир жыл мурун, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоо мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине жана Садыр Жапаровдун бийликке келишине алып келген массалык нааразылык акцияларынан улам өтпөй калган.

Жогорку Кеңештин жаңы курамында 120 эмес, 90 депутат болот. Бүгүн катышып жаткандардын ичинен 54 талапкер депутат болуп келет жана ар бир округдан 36дан депутат шайланат. Шайлоо жарышына 21 партия жана 282 бир мандаттуу талапкер катышууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды