Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө коридорлордун түрлөрү аныкталды

Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө коридорлордун түрлөрү аныкталды

Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө коридорлордун түрлөрү аныкталды. Тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Аталган чечим бажы органдары тарабынан тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды дифференттүү колдонуунун зарылдыгы аныкталбаган Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүнү тездетүү жана жөнөкөйлөтүү үчүн тобокелдиктерди башкаруу системасын пайдалануу максатында кабыл алынган.

Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө коридорлордун төмөнкүдөй түрлөрү жана категориялоонун жыйынтыктары боюнча колдонулуучу тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча аларга тиешелүү чаралары аныкталды:

  • «жашыл коридор» – тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чаралар колдонулбайт
  • «сары коридор» – документтерди текшерүү менен байланышкан тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чаралар колдонулат
  • «кызыл коридор» – «бажылык жана башка документтерди жана (же) маалыматты текшерүү» жана «бажылык текшерүү» бажы контролунун формаларын милдеттүү түрдө колдонуу менен тобокелдиктерди минималдаштыруу үчүн бардык чаралар колдонулушу мүмкүн.

«Жашыл коридор» боюнча тобокелдиктин деңгээли төмөн болгон тышкы экономикалык иштин катышуучусунун дарегине өткөрүлүүчү жана ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштырылуучу товарларга карата товарларды чыгаруу мөөнөтүнүн индикатору – тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды колдонбостон бажы декларациясы катталган учурдан тартып 30 мүнөттөн ашпаган убакытка белгиленип, буга бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте «жашыл коридордон» башка коридорго өткөрүү учурлары кирбейт.

Ошондой эле ушул токтомдун 2-пунктунда белгиленген учурларды кошпогондо, бажылык тариздөө жерлеринде бажылык декларациялоодо бажы декларациясы катталган учурдан тартып же Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 119-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлардын бири келип чыккан учурдан тартып, товарларды чыгаруу мөөнөтүнүн индикатору – товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштырууда үч сааттан ашпаган убакытка белгилөө чечими кабыл алынды. 

Ал эми бажы декларациясы бажы органынын иш убактысынын аяктаарына үч сааттан аз убакыт калганда же Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 119-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлардын бири келип чыккан учурдан тартып катталган учурда – Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 119-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, ушул бажы органынын иштеп баштаган учурунан тартып 3 сааттын ичинде деп көрсөтүлгөн.

Жактарды тобокелдиктин төмөн, орто же жогорку деңгээлиндеги категорияларга киргизүү тартиби жана критерийлери бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат деп белгиленген.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Учкун айылында таза суу системасынын курулушунда техникалык талаптар толук сакталбаганы үчүн 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Нарын региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө объектте курулуш ченемдери жана техникалык регламенттер бузулгандыгы аныкталган. Натыйжада “Профит Экспресс” ЖЧКсына

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

3-июлда Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Садыр Жапаров, өкмөт өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана инвесторлор катышышты.  Президент бул аймак дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөр жаңы бизнес борборлоруна суроо-талапты жаратып жатканда - эл аралык стандарттар инновациялар жана узак мөөнөттүү инвестициялар үчүн чыныгы

Боом капчыгайы таш көчкүдөн тазаланууда

Боом капчыгайы таш көчкүдөн тазаланууда

Тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон таш көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, учурда жеринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен жолду көчкүдөн тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Унаа кыймылын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн жол маал-маалы менен ачылып, транспорт каражаттары

Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкек шаарында Жунусалиев көчөсүнүн Анкара көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейинки тилкесинде жашыл аймакты калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек шаардык мэриясынын малыматына ылайык, буга чейин аталган тилкеде мыйзамсыз уюштурулган унаа кирүүчү жолдор жана унаа токтотуучу жайлар аныкталган. Алар шаардык чөйрөнүн абалына терс таасирин тийгизип, жашыл көчөттөрдүн өсүшүнө тоскоолдук жаратып келген. Учурда “Бишкек