Депутаттар Министрлер кабинетин, БШКнын төрайымын жыйынга келишин талап кылышууда

Депутаттар Министрлер кабинетин, БШКнын төрайымын жыйынга келишин талап кылышууда

Бүгүн, 1-декабрда КРнын Жогорку Кеңешинин жыйыны өтүүдө. Жыйында депутаттар шайлоо таза өтпөгөнүнө нааразы болушуп, өлкө жетекчисин, Министрлер кабинетин, БШКнын төрайымын жыйынга катышуусун талап кылышты.

Депутат Наталья Никитенко шайлоону эл жөн гана байкоочу катары эле карап калганын, БШКнын сайтында болгон мүчүлүштүккө жетекчилик ар түрдүү түшүндүрмө беришкенин, кол менен эсептөө созулуп, эч бир конкреттүү жыйынтык чыкпаганын, одоно мыйзам бузуулар болгонун, учурда жабык эшик артында эмнелер болуп жатканын билбегенин айтып, күн тартибин кое туруп, БШКнын, Министрлер кабинетинин жетекчилиги жыйынга келип катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берип, маалымат берсин деген талабын койду.

Ал эми Шайлообек Атазов болсо, Ош шаарында добуштарды сатып алуулар болгонун, талапкерлер сумкалап акча таратышкандарын, айыл өкмөттөрү бир айылдан кырк аялды мыйзамсыз үгүтчү кылып алышканын айтты.

 «Биз президенттин таза шайлоо болот дегенине таянып, бир мандаттуу округдан чыктык. Ошол жерден 17 миң добуш алдым. Элдер он жылдан бери шайланган депутаттарды көргүсү келбей, жийиркенип калышыптыр. Мыйзам бузгандарды жоопкерчиликке тартыш керек. Тергөөчүлөрдү сатып алып, айыл өкмөттөргө добуш бербесеңер иш козгойбуз деп коркутушуптур. Качанкыга чейин ыплас шайлоо менен мамлекетти курабыз?» – деди депутат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бүгүн, Бишкек шаарында борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш болуп өттү. Ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев баштаган кесипкөй жана ышкыбоз велосипедчилер, ошондой эле үй-бүлөлөрү менен келген 2000ден ашуун шаар тургундары катышты. Шаардык мэриянын басма сөз кызмытынын маалыматына ылайык, веложүрүш Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында башталып, катышуучулар «Газпром — балдарга»

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүү жана КРнын жарандарына турак жайды жеңилдетилген шарттарда сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатын көздөп, "КРнын "Менин үйүм" мамлекеттик

Кыргыз спортчулары VI Азиянын пляждык оюндарына катышты

Кыргыз спортчулары VI Азиянын пляждык оюндарына катышты

Кече Кытайдын Санья шаарында өтүп жаткан VI Азия пляждык оюндары жыйынтыкталды. Ага КРнын спортчулары дагы катышкандыгын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, пляждык оюндарга бул жылы 45 өлкөнүн спортсмендери катышып, 14 оюндун түрү боюнча мелдештер өткөн. Кыргызстандын атынан жалпы 40 спортсмен спорттун 9 түрүнөн ат салышкан. Анын

Кыргызстандагы банктар май майрамдарында кандай иштешет: күн тартиби

Кыргызстандагы банктар май майрамдарында кандай иштешет: күн тартиби

2026-жылдын жумуш календарына ылайык, кыргызстандыктар май айында он күн бою эс алышат. 1-майдан 10-майга чейин созулуучу жазгы каникулдар күтүлүүдө. Узак дем алыш күндөрү каржылык маселелерди чечүүгө тоскоолдук кылбашы үчүн, майрам күндөрү коммерциялык банктардын иштөө убактысы боюнча кеңири маалыматты Экономист.kg даярдап чыккан. Эске алуучу нерсе: Банктар күн тартибин реалдуу убакыт