Ноябрда аба ырайынын жылуу болгонуна байланыштуу электр энергиясын керектөө бир аз кыскарды

Ноябрь айында аба ырайынын жылуу болгондугуна байланыштуу Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу бир аз кыскарганын Улуттук электр тармактар ​​ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Республика боюнча керектелген электр энергиясынын жалпы көлөмү өткөн жылдын ноябрында 1 млрд 717 млн кВт/саат болгон болсо, быйыл 1 млрд 667.6 млн кВт/саатты түздү. Бул былтыркыга караганда аба ырайынын жылуу болушу менен байланыштуу.

Токтогул суу сактагычында суунун аз топтолушу боюнча түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен, энергетиктер электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча калкка жана башка керектөөчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды