«Бишкекжылуулукэнерго» ишканасы карыздарын жабуу үчүн республикалык бюджеттен 150 млн сом карыз алууну көздөөдө

«Бишкекжылуулукэнерго» ишканасы карыздарын жабуу үчүн республикалык бюджеттен 150 млн сом карыз алууну көздөөдө

Бишкек мэриясы «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын карыздарын республикалык бюджеттин, тагыраак айтканда 150 млн сом бюджеттик кредиттин эсебинен жабууну сунуштоодо.

Негиздөө маалымдамасында белгиленгендей, жылуулук энергиясынын социалдык багытта колдонулган тарифтери анын өздүк наркын актабайт, ал эми кирешелер жана субсидиялар «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын чыгымдарын жаппайт.

Ишкананын энергия менен камсыздоочуларга, негизинен «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын «Бишкекгаз» филиалына болгон карызы 1-ноябрга карата 264 млн сомдон ашып кеткен.

«Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын жаратылыш газын негизги берүүчүгө болгон карызын жабууга өздүк каражаты жок. Кырдаалды «Бишкекгаз» өз убагында төлөнбөгөн карыздарга туумдарды кошууну пландап жатканы кырдаалды курчутуп жатат, деп айтылат документте.

Мэрия 150 млн сом бюджеттик кредит алуу ишкананын карыздарын жабууга жана 2021-2022-жылдарга жаңы жылытуу мезгилин минималдуу карыз менен баштоого шарт түзөт деп эсептейт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз спортчулары VI Азиянын пляждык оюндарына катышты

Кыргыз спортчулары VI Азиянын пляждык оюндарына катышты

Кече Кытайдын Санья шаарында өтүп жаткан VI Азия пляждык оюндары жыйынтыкталды. Ага КРнын спортчулары дагы катышкандыгын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, пляждык оюндарга бул жылы 45 өлкөнүн спортсмендери катышып, 14 оюндун түрү боюнча мелдештер өткөн. Кыргызстандын атынан жалпы 40 спортсмен спорттун 9 түрүнөн ат салышкан. Анын

Кыргызстандагы банктар май майрамдарында кандай иштешет: күн тартиби

Кыргызстандагы банктар май майрамдарында кандай иштешет: күн тартиби

2026-жылдын жумуш календарына ылайык, кыргызстандыктар май айында он күн бою эс алышат. 1-майдан 10-майга чейин созулуучу жазгы каникулдар күтүлүүдө. Узак дем алыш күндөрү каржылык маселелерди чечүүгө тоскоолдук кылбашы үчүн, майрам күндөрү коммерциялык банктардын иштөө убактысы боюнча кеңири маалыматты Экономист.kg даярдап чыккан. Эске алуучу нерсе: Банктар күн тартибин реалдуу убакыт

Мектеп формасы мурдагы талаптар боюнча калат — жумушчу топтун чечими чыкты

Мектеп формасы мурдагы талаптар боюнча калат — жумушчу топтун чечими чыкты

Агартуу министрлиги мектеп формасына байланыштуу сунуштарды кароо үчүн түзүлгөн атайын жумушчу топ өз чечимин чыгарды. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы №572 токтому өзгөртүүсүз күчүндө калат. Министрликтин маалыматына ылайык, чечим мугалимдердин, ата-энелердин, окуучулардын жана эксперттердин пикирлерин эске алуу менен кабыл алынган. Буга чейин көпчүлүк ата-энелер балдарына “үстү ачык түстө,

Министрлер кабинети эмгекчилердин укуктарына байланышкан маселени талкуулады

Министрлер кабинети эмгекчилердин укуктарына байланышкан маселени талкуулады

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда эмгекчилердин укуктарына байланышкан маселелер боюнча кеңешме өткөрдү. Адылбек Касымалиев, алгач 1-май – Эмгек майрамына карата өлкөнүн жалпы эмгек адамдарын куттуктап, акыркы беш жылдын ичинде Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында экономикада олуттуу өзгөрүүлөр болуп, көптөгөн жумуш орундары түзүлгөнүн, анын ичинде эмгекчилердин