Дүйнөлүк банк КРнын 65 миңге жакын ишканасына каржылык жардам көрсөттү – COVID-19

Дүйнөлүк банк КРнын 65 миңге жакын ишканасына каржылык жардам көрсөттү – COVID-19

Дүйнөлүк банктын «Микро-, чакан жана орто ишканаларга өзгөчө колдоо көрсөтүү» долбоору Кыргызстандагы 65 миңге жакын ишканалардын ишмердигин калыбына келтирүүгө каржылык жардам жана колдоо көрсөттү. Бул тууралуу донордун маалымат кызматы билдирди.

Мындан тышкары, долбоордун эсебинен берилген каражаттар Социалдык фонд тарабынан 6 айга чейин пенсияларды жана башка социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн өз убагында берип турууга жардам берди.

«Биздин долбоорубуздун бул аймактарга COVID-19 программасы боюнча колдоо көрсөтүүбүздүн төрт негизги максаты бар: саламаттыкты сактоо системасынын потенциалын жогорулатуу, жакыр жана аялуу катмарды колдоо, ишкердикти стимулдаштыруу жана вакциналарды сатып алуу жана таратуу. Өкмөттөр жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөр менен тыгыз иштешип, биз өлкөлөргө дагы туруктуу жана инклюзивдүү келечектин пайдубалын түптөөгө жардам беребиз», – деди Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президент Анна Бьерде.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Учкун айылында таза суу системасынын курулушунда техникалык талаптар толук сакталбаганы үчүн 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Нарын региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө объектте курулуш ченемдери жана техникалык регламенттер бузулгандыгы аныкталган. Натыйжада “Профит Экспресс” ЖЧКсына

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

3-июлда Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Садыр Жапаров, өкмөт өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана инвесторлор катышышты.  Президент бул аймак дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөр жаңы бизнес борборлоруна суроо-талапты жаратып жатканда - эл аралык стандарттар инновациялар жана узак мөөнөттүү инвестициялар үчүн чыныгы

Боом капчыгайы таш көчкүдөн тазаланууда

Боом капчыгайы таш көчкүдөн тазаланууда

Тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон таш көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, учурда жеринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен жолду көчкүдөн тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Унаа кыймылын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн жол маал-маалы менен ачылып, транспорт каражаттары

Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкек шаарында Жунусалиев көчөсүнүн Анкара көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейинки тилкесинде жашыл аймакты калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек шаардык мэриясынын малыматына ылайык, буга чейин аталган тилкеде мыйзамсыз уюштурулган унаа кирүүчү жолдор жана унаа токтотуучу жайлар аныкталган. Алар шаардык чөйрөнүн абалына терс таасирин тийгизип, жашыл көчөттөрдүн өсүшүнө тоскоолдук жаратып келген. Учурда “Бишкек