Кыргызстанга кирген чет элдик инвестициянын агымы 26%га өстү

Кыргызстанга кирген чет элдик инвестициянын агымы 26%га өстү

2020-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу быйыл тогуз айда тике чет элдик инвестициялардын агымы 26%га көбөйүп, 503 млн доллардан ашык сумманы түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет жарыялады.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу, бардык түзүүчүлөрдөн келип түшүүсүнүн  көбөйгөндүгү белгиленди,  менчик капиталдын төлөмдөрүнөн башка, алардын көлөмдөрү 2.6 эсеге кыскарган.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (96% жакыны) геологиялык чалгындоо ишканаларына, иштетүү өндүрүш, пайдалуу кендерди казуу,  финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, дүң жана чекене соодага, ошондой эле маалымат жана байланышка багытталган.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү

2020-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 12% көбөйдү, бул негизинен:

  • Люксембургдан – 11.6 эсеге (финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу)
  • Германиядан – 11.4 эсеге (иштетүү өндүрүшү, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу)
  • Түркиядан – 2.9 эсеге (пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү, дүң жана чекене соодага – 1.5 эсеге)
  • Улуу Британиядан – 2.3 эсеге (геологиялык чалгындоого)
  • Кипрден – 2 эсеге  (иштетүү өндүрүшү)
  • Кытайдан – 22.3% (геологиялык чалгындоо, дүң жана чекене соодага)
  • Швейцариядан – 1.7 эсеге (маалымат жана байланыш) жана Нидерланддан – 4.9% (иштетүү өндүрүшү, финансылык ортомчулук жана камсыздандуу) өсүшүнүн эсебинен жүргөн.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Кытайга (27.6%), Түркияга (16%), Улуу Британияга (10.5%), Нидерландга (9.9%) жана Германияга (5.1%) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшкөн көлөмү 

2020-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 2.4 эсеге көбөйдү, бул негизинен:

  • Беларусиядан – 18.4 эсеге (дүң жана чекене соода ишканаларына)
  • Россиядан – 4.7 эсеге (иштетүү өндүрүшү, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен касыздоо (жабдуу), курулуш, дүң жана чекене соода)
  • Азербайжандан – 1.9 эсеге (саламаттыкты сактоо)
  • Казакстандан – 1.4 эсеге (пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү, дүң жана чекене соода, саламаттыкты сактоо) алардын өсүшүнүн эсебинен болду.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2020-жылдын 9 айынына салыштырмалуу Ош шаарында – 5.6 эсеге, Ош облусунун – 3.3 эсеге, Жалал-Абад облусунун – 2.9 эсеге, Талас облусунун ишканаларына – 1.8 эсеге, жана Бишкек шаарынын ишканаларына – 1.3 эсеге көбөйдү. 

Өткөн мезгилде келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын  жалпы көлөмүндөгү эң  чоң салыштырма салмак Жалал-Абад облусунун ишканаларына – 37% жакыны, Бишкек шаарынын ишканаларына – 33% ашыгы, Чүй облусунун ишканаларына 17%, ошондой эле Талас облусунун – 9% жакыны туура келген.

2020-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 20.3% кыскарды жана 572. 8 млн долларды түздү. Муну менен бирге, чыгып кетүү агымы келип түшүү агымынын деңгээлинен 69.3 млн долларга ашты. 

Мындан тышкары окуңуз

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Учкун айылында таза суу системасынын курулушунда техникалык талаптар толук сакталбаганы үчүн 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Нарын региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө объектте курулуш ченемдери жана техникалык регламенттер бузулгандыгы аныкталган. Натыйжада “Профит Экспресс” ЖЧКсына

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

3-июлда Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Садыр Жапаров, өкмөт өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана инвесторлор катышышты.  Президент бул аймак дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөр жаңы бизнес борборлоруна суроо-талапты жаратып жатканда - эл аралык стандарттар инновациялар жана узак мөөнөттүү инвестициялар үчүн чыныгы

Боом капчыгайы таш көчкүдөн тазаланууда

Боом капчыгайы таш көчкүдөн тазаланууда

Тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон таш көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, учурда жеринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен жолду көчкүдөн тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Унаа кыймылын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн жол маал-маалы менен ачылып, транспорт каражаттары

Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкек шаарында Жунусалиев көчөсүнүн Анкара көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейинки тилкесинде жашыл аймакты калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек шаардык мэриясынын малыматына ылайык, буга чейин аталган тилкеде мыйзамсыз уюштурулган унаа кирүүчү жолдор жана унаа токтотуучу жайлар аныкталган. Алар шаардык чөйрөнүн абалына терс таасирин тийгизип, жашыл көчөттөрдүн өсүшүнө тоскоолдук жаратып келген. Учурда “Бишкек