Евробиримдик Кыргызстанга чек ара көйгөйлөрүн чечүүгө 700 миң евро берет

Европа Биримдиги Борбор Азиядагы чек араны башкарууга көмөк көрсөтүү программасына (БОМКА) катышкан беш өлкөгө Латвия менен Литванын каржылык колдоосу менен 22 млн евро бөлдү. Бул тууралуу программанын 10-фазасынын бет ачарында белгилүү болду.

Берилген маалыматка ылайык, ар бир мамлекеткен 700 миң еврого чейин техникалык колдоо да көрсөтүлөт.

Евробиримдиктин аймактык программасы аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоого багытталган. Ал Борбордук Азия өлкөлөрүндө чек араны комплекстүү башкаруу жана сооданы колдоо аркылуу туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөктөшөт.

Долбоордун 10-юбилейлик фазасы 4.5 жылга созулат жана ал төрт компонентти камтыйт:

  • чек ара ведомстволорунун институционалдык өнүгүүсү
  • мыйзам бузууларды аныктоо жаатында потенциалды жогорулатуу
  • сооданы жеңилдетүү
  • чек ара кызматташтыгын жакшыртуу.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды